8-мартка карата ар бир аялга белек катары 210 сомдон берилет

8-мартка карата ар бир аялга белек катары 210 сомдон берилет

Түркмөнстанда аялдардын эл аралык күнүнө карата ар бир аялга 60 манаттан (210 сомдой ) акчалай белек берилет. Бул тууралуу түркмөн басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мындай тапшырманы 27-февраль күнү Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттүн жыйынында экономика жана финансы тармагы боюнча вице-премьер Гадыргелди Мушшиковго тапшырган.

“Хроника Турменистана” жазган маалыматка ылайык, акчалай белек иштеген, окуган, пенсия жана жөлөк пул алган аялдарга берилет. Бала бакчага барбаган кыздар жана үч жашка чейинки балдары жок аялдарга белек берилбей турганы жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости