2019-жылы 702 курулуш лицензиясы берилген. Кайсыл аймак лидерликте эмес?

2019-жылы 702 курулуш лицензиясы берилген. Кайсыл аймак лидерликте эмес?

Мамлекеттик курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба агенттиги (Госстрой) 2019-жылы курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 702 лицензия берген. Аймактык көрсөткүч боюнча Бишкекте – 395, Ош облусунда – 147, Чүйдө – 59, Жалал-Абадда – 49, Ысык-Көл облусунда – 21, Таласта – 16, Нарында – 8 жана Баткен облусу боюнча 7 лицензия берилген.

Жалпысынан 702 лицензиянын 692и юридикалык тараптарга жана 10 лицензия жеке ишкерлерге курулуш иштерин жүргүзүү үчүн чечим чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости