Казакстанда 2 жаш баланы кар басып, бири каза болду. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыгышты

2 баланы кар басып калып, бири каза болду

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 2-февралда Чыгыш Казакстандын аймагында болгон. Анда, 4 бала деңиздин жээгинде ойноп жатканда 2 баланы кар басып калган. Алар 2004-жылы туулган баланы өз алдынча куткарып, андан кийин жардам чакыруу үчүн жөнөп кетишкен.

2006-жылы төрөлгөн өспүрүмдү куткарууга кинологдор, полиция кызматкерлери, куткаруучулар жана жергиликтүү жашоочулар тартылган. Кар күрткүсү тазаланып, издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында, кинологдордун ити өспүрүм жаткан жерди аныктаган. Бирок аны куткарууга кеч болуп калган, маркум баланын денесин 4 метр тереңден алып чыгышты.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости