110 депутат бүгүн Ак калпак күнү экенин унутуп калышканбы?

110 депутат бүгүн Ак калпак күнү экенин унутуп калышканбы?

Бүгүн Ак калпак күнүнө карата Жогорку Кеңештин 9 депутаты калпак кийип келсе, калгандары жөнөкөй күн катары кабыл алышканын жыйындар залынан көрүүгө болот.

Бул майрамды ушул биз айтып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары, тагыраагы 4 жыл мурун, 5-мартты “Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү”- деп расмий бекитишкен. Муну менен катар, ушул күнү кары-жашы дебей калпакты унутпоо максатында кийип жүрүүгө чакырышкан эле. Эми минтип өздөрү унутуп калган сыяктуу.

Бирок, Мирлан Бакиров, Зиядин Жамалдинов, Дастан Бекешев, Бактыбек Турусбеков, Тазабек Икрамов, Пархат Тулендыбаев, Кожобек Рыспаев, Алтынбек Сулайманов жана Исхак Пирматовтор майрамдын шаңы менен калпак кийип келишти. Депутат ЖК Дастан Бекешов на заседанииЭске сала кетсек, Ак калпак майрамы Кыргызстанда 2011-жылдан бери майрамдалып келет. 2016-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий бекиткен. Бул майрамга карата мырзалардын күн бою ак калпак кийип жүрүшү салтка айланган.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости