Россиянын Ноябрьск шаарындагы “Мечта” ресторанында ок атышуу болуп, төрт адам ооруканга жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин региондук бөлүмүнө шилтеме берип, ТАСС агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуч 28-февралда болжол менен 23:30да болгон. Эки компаниянын ортосунда сөз келишпестик болуп, андан ары ок атышууга айланган. Ошондой эле, ким ок чыгарганы белгисиз.
Аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg