Ктркнын мурдагы директору илим карыпбековдун өлүм алдындагы операциясы жарыяланды
КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков Инстаграм баракчасына 2017-жылы жол кырсыгына кабылып, өлүм алдында жаткан видео, сүрөттөрүн жарыялады.
Эске салсак, мурдагы директор Карыпбеков 2017-жылдын 1-мартында түнкү саат 3.00дөр чамасында жол кырсыгына кабылган.
Окуя Түштүк магистралынын боюнда жайгашкан «Сенатор» кафесинин тушунда, Токомбаев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол тилкелерин бөлүп турган бордюрдан өтүп барып, Range Rover үлгүсүндөгү жолтандабас темир түркүктү сүзгөн.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинованын маалыматы боюнча аны ооруканага алып келе жатканда жүрөгү токтоп, кайра калыбына келген. Жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.
Карыпбековго Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда операция жасалган.