Жылдын коркогу: Өмүрбек Бабанов акчасын жок кылгандан коркуп электоратын сатып кетти
Аналитикасы | 

Өмүрбек Бабанов быйылкы жылдын коркогуна айланды. Быйыл жазында Өмүрбек Бабанов келет экен деген сөздү Өмүрбек Бабанов өзү таратты. Электораты жакшы күттү. Кыргызстандын соцтармактары Өмүрбек Бабанов тууралуу гана сүйлөп калды. Арийне, келер күнү Өмүрбек Бабанов электоратын алдап, коркуп келбей койду.

Экинчи ирет Атамбаев камалганда Бабановдун сөзү чыга баштады. Ал ушул учурдан пайдаланып, Кыргызстанга келди. Дагы эле арийне, аны күтүп жаткан  электоратын оюн түшүнгөн жок. Анын кадыр-баркы жок дегенде ал Москвада жашынып, качып жүргөндө жакшы эле. Өмүрбек Бабанов  келди ар кимден коркуп жүргөнү үчүн анын жазындагы кадыр-баркы эл алдында түштү.

Үчүнчү ирет, “Республика” партиясын Өмүрбек Бабанов көп жылдан бери жетектеп, ал эмес Бакыт Төрөбаев башында турган  “Өнүгүү-Прогресс” партиясын, Алтынбек Сулайманов башында турган “Бир бол” партиясын өз партиясынан чыгарды. Ал эмес, бир учурда “ Республика” партиясынын фракция жетекчиси болуп турган Канат Исаев “Кыргызстан” партиясын көтөргөн. Бирок, жүрөгү жок Өмүрбек Бабанов өзүнүн бир тууган жээни Мирлан Жээнчороевке “Республика” партиясын энчилеп берип, өзүн саясаттан кеттим деп элге жарыя кылды. Мезгил укмуш, эртең кандай саясат болот ким билет? Эгер саясат Өмүрбек Бабановго ыңгайлуу шарт түзө турган болсо анын саясатты таштагам деген сөзү коркоктук болуп саналып калышы мүмкүн.

Жакында  президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын берип жатып Бабанов туурасында берилген суроого жооп берди.

“Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо мага эң негизи атаандаш болгон. Кийин кандайдыр бир себептер менен ал өлкөдөн чыгып кетти. Бирок ага түшүндүрмө берди. Анын түшүндүрмөсүндө дагы,  менин атымды аралаштырганга аракет кылышты. Бирок, Өмүрбек Бабановдун таржымалында чоң бизнес менен саясаттын кызыкчылыгы аралашып кеткендигинин эң таза накта үлгүсү. Азыр эми ага шарт түзүлдү. Экономикалык иштери бар экен. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат, өзү чын бышыгын көрсөтсүн”,- деди президент.

Башкысы, президенттин Өмүрбек Бабанов менен иши деле жок, ал өз алдынча электоратын качырып жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями