Жылдын камактагы экс-депутаты : Садыр Жапаров
Аналитикасы  |   |  494

Дүйнөмдө жан дүйнө революциясы болду окшойт. Ак кардын үстүндө суукка карабай жатып, бизди колдогон апаны эстеп, максат кылган иштеримди иштей берейин деп, Каркыра маселесине кириштим. 2001-жылы эки мамлекеттин президенттери кол коюшуп, Казакстан тарап парламентинен ратификациядан өткөрүп, бизге жиберген экен. 2-чакырылыштагы депутаттар каршы чыгып, өткөрбөй келишиптир. Себеби, Каркыра эле эмес, Таласта, Чүйдө (объезддеги жол) талаш эле. Келишимди кайра карап чыгуу маселесин көтөрдүм. Анткени, келишимди Кыргызстан тарап ратификациядан өткөргөндөн кийин, кайра кароого таптакыр мүмкүн эмес эле. Эреже боюнча, Кыргызстандын парламенти ратификациядан өткөрө элек болсо, кайрадан Казакстан тарапка сунуш киргизип, оңдоп чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Менин бул сунушумду четке кагып, бийлик, «ратификациядан өткөрүп бергиле» деп Саламат Аламанов аркылуу парламентке алып келди. Караманча кашайып, өткөрбөй койдук. Парламентте «өткөрбөйлү» деп агитация жүргүздүм. Көпчүлүк депутаттар, “макул, өткөрбөйбүз” деп колдоп беришти. Бир айдан кийин экинчи жолу алып келишти. Бул жолу тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жактап келди. Кайрадан талаш-тартыш башталды. - Токтоткула! Жеринен барып көрүп келели. Мен силерге көрсөтөм, кандай жерлерибиз өтүп кетип жатканын. Андан кийин өзүңөр эле уятыңар болсо, токтотуп, кайрадан Казакстан менен сүйлөшүүлөргө барасыңар,- деп, дагы өткөрттүрбөй койдум. Аликбек Жекшенкулов акырын жылып, жаныма келип олтурду. - Саке, жакында өкмөт Астанага биринчи иш сапары менен барганы жатат. 2001-жылдан бери өтпөй келе жатыптыр. Ушул ишти бүтүрүп салсак болот эле?- деди. - Алике, жакында каникулга чыгабыз. Баарыңарды Каркырага алып барып көрсөтөм. Ал жерде биздин жайыт, чөп чабыш, шалбаа жерлерибиздин бир тобу өтүп кетип жатат. Ошол жерлерибизди алып калышыбыз керек, - дедим. Дароо түшүнүп, кетип калды.

2006- жылдын 3-июль күнү Каркыра жайлоосуна жеке каражатым менен боз үй, палаткаларды тигип, бир уй, бир жылкы союп, депутаттарды жана өкмөт мүчөлөрүн чакырдым. 75 депутаттын болгону 36сы келди. Атам Нуркожо башында турган айлыбыздын аксакалдары Исраил Искаков, Совхозбек аксакал өңдүү, дагы жыйырма чакты аксакалдарыбыз үч күн, күнү-түнү дебей, чогуу жүрүшүп, депутаттарга биздин өтүп кетип жаткан жерлерди көрсөтүштү. Ушул жерден айта кетүүчү чындык, “Каркыраны сатып жиберди” деп 2008- жылы жазда Түпкө барып, жумуртка менен сабалып кеткен депутаттардын бирөөсү да, ошондо Каркырага келген эмес. Кызыгып дагы коюшкан эмес. Аларга Каркыра саясий кызыкчылык үчүн гана керек болгон. Каркыраны көтөрсөк, балким эл колдоп кетеби деп ойлошкон. Азыр ушул тапта деле, “Каркыранын кайсы жери өтүп кеткен, көрсөтүп бергилечи?” деп сурасак, көрсөтүп бере алышпайт. Себеби, билишпейт. Көрүшкөн дагы эмес. Анысы аз келгенсип, оозуна ээ боло албаган Э.Алымбековго окшогон депутаттар, Э.Каптагаевге окшогон губернаторлор, “Садыр Жапаровдун шайлоочулары оппозицияны жумуртка менен урду” деп, мен уюштургандай кылып көрсөтүштү. Тилекке каршы, элге төбөсү көрүнгөн эле адам КТР дан былжырап жатса, карапайым калк ишене берет экен. Так ошол күнү өлкөдө жок элем. Турцияда болчумун. «Мейли, кудайга койдум» дегенден башка сөзүм жок. Баарына тарых тараза.

Бийликтегилерден өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү маркум Мырза Кулматов жана президенттин өкүлү Алымбай Султановдон башка бирөөсү да басып келген жок. Үч күн бою семинар өткөрүп, Каркыраны кыдыртып чыгып, кайсы жерлерибизди сактап калышыбыз керек экендигин көрсөтүп, кайра узаттым. Ошентип, депуттаттар, өкмөт менен президенттин өкүлдөрү баарын өз көздөрү менен көргөндөн кийин, 2007- жылдын 22-октябрына чейин Каркыра маселесин Жогорку Кеңешке алып келмек турсун, сөз кылгандан уялып калышты. Ушул саясий себептен улам 2007- жылдын 22- октябрь күнү 3-чакырылыштын депутаттарынын тагдырын чечип, Президенттин указы менен таркатып жиберди. Ушул эле 2007-жылдын 16-декабрь күнү Жогорку Кеңешке жаңыдан шайлоо өткөрүп, жасалма жол менен “Ак-Жол”, СДПК жана «Коммунисттер» партиясын алып келишти. 2008-жылдын апрель айларында Каркыра маселесин карашып, ратификациядан өткөрүп жиберишти. Мына ушундан кийин Каркыра, Чүйдөгү жана Таластагы талаш жерлер Казакстанга өтүп кетти. Аталган иш боюнча “ратификациядан өтсүн” деп добуш берген депутаттарды толук күнөөлүү десек жаңылышпайбыз. Азыр менин саясаттагы каршылаштарым, айрыкча Э.Каптагаев мага башка жарлык таба албай, “Садыр Жапаров Каркыраны сатып жиберген” деген ушак сөздү бүгүнкү күнгө чейин таркатып, убара болуп жүрөт. Ал тургай, Ысык-Көл облустук телесинен эки жума бою, “Каркыраны сатканга тиешеси бар” деп Кудайдан коркпостон көрсөттүрүп турду. “Мага да теледен чыгууга мүмкүнчүлүк бергиле же мени менен түз эфирге чыккыла. Эл алдында чындыкты айтышалы” десем, Президент баш болуп, безилдеп качышат. «Садыр Жапаровду телеге, өкмөттүк гезит, журналдарга жолотпогула. Абийирибизди иттей кетирет» деп буйрук берип коюшуптур. Мамлекеттик теледен ушундай ушактар көрсөтүлүп жатса, карапайым айрым адамдар чындап эле ишенет экен. Айрыкча, менин Ысык-Көлдүк жердештерим. Мамлекеттер аралык жер маселесин түшүнүүгө билим деңгээлдери жеткен адамдар, чындык каякта экенин билип турушат. Анткени, эки мамлекеттин ортосунда жер маселесин ким чечээрине, ким чекит коёруна акылдары жетет.

Жапаров Садыр Нуркожоевич. 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.

Ата теги: Нуркожо, Мусталый, Жапар, Көчкүн, Солтонкул, Алыбай, Бирназар, Алдаш, Белек, Жамангул, Алсейит, Мырзакулмырза, Орозбак, Сарбагыш, Тагай, Агуул, Долонбий.

Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы. 1986- жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене-тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. «Советтик Армиянын отличниги» деген наам алган. 1989-жылдан 1991-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган. 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген.1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан "Керкей" ишканасынын башчысы. 1996-2001-жылдары "Гузель" ишканасынын генералдык директору, 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан "Нурнефтегаз" нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада генералдык директор кызматын аркалаган.

2005-жылы Түп шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2007-жылы үчүнчү чакырылыштын депутаттарын таркатып жибергендигине байланыштуу депутаттыктан кеткен. 2008-2010-жылдары Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеген. 2010-жылы кайрадан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, 2013-жылга чейин иштеген. 2013-жылы азыркы бийликтин саясий куугунтугуна кабылып, депутаттык мандатынан адилетсиз ажыраган.

Коомдук иштердеги ишмердүүлүгү: 2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү. 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи, бир далай мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Садыр ЖАПАРОВ: “Саясатка аралашкан он жыл” китебинен

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg 

 

 

Поделитесь с друзьями