Жыл баатыры: Султан Ибраимов өз баасын алды
Аналитикасы  |   |  198

Тоонун суусу аӊтарылат иримдеп…

Ар бир доор алмашканда кандайдыр бир гармонияны жаратып, ѳзгѳчѳ философиясы менен адамдардын аӊ-сезиминде калат экен. Султан Ибраимов доор алмашып, доор айкалышкан 1927-жылы 20-сентябрда Чүй өрөөнүндө тѳрѳлгѳн. Ушул мезгилде лениндин доору тамам болуп, сталиндин доору башталган. Сталиндин доорун канчалык жамандасак да, ал бийликте турганда граждандык согуштун запкысын кѳргѳн совет элине америкалыктардай асмандата үй салып бере албаса да, жалпы журттун кем-карчы жок жакшы жашоосуна шарт түзүп бергени анык. «Алтын балык» деп бекер айтпайт. Бѳтѳнчѳ балалыгы сталиндик доордо ѳткѳндѳрдүкү чыныгы эле алтын балалык болгондой. Ал мезгилде бир гана Лениндин: «Окуу, окуу жана окуу»-деген урааны алдында октябряттын кызыл значогун тагынып, 3-класстан мен деген окуучуларды гана пионердик ант бергизип Бүткүл союздук пионер уюмунун катарына кабыл алар эле. Кызыл жагоо тагынып пионерге ѳтүү, али октябрят значогун тагынган классташтарга караганда сыймыктуу да, жооптуу да эле. Партия бала кезден эле активдүү жаштарга стимул берип, мыктыларын пионерге ѳткѳрүп, андан мыктыларын комсомолго ѳткѳзүп, чекесинен чертип партияга ѳткѳрүп «былк-былк, былк-семиз»-деп тандай баштоочу. Ошол тандамалардын биринчи сабында Султан мырза жүрѳѳр эле.   Бирок кайрадан доор ѳзгѳрдү. Бул жолу бала кезден кыттай куюлган идеянын бардыгы бырын-чырыны чыкты. Ардактап баккан ата-энесинен ажырап, Султан жаш кезинен жетимчиликти башынан ѳткѳрдү. Султан мырза ѳкүрүп жатып алган жок. Ал жеӊин түрүнүп кыргыз элин канткенде, ушул саздан сууруп чыгуунун жолдорун издей баштады.Түн уйкусун бѳлүп түйшѳлдү. Совет  экономикасын тереӊ ѳздѳштүрмѳйүн элдин келечегине балта чаап аларын туйду.  Тоонун суусу иримдеп аӊтарылды…

Ал жетинчи атасы Атаке баатырдын элесине муюду, Манап бийди туу тутту элдин сүйгѳн инсанына айланды. Кѳптѳгѳн ийгиликтерден соӊ кыргыз ѳкмѳтүн жетектеп калды. Ал жѳн гана ар кимдин сѳзүн угуп жүрѳ берсе эч ким тиймек эмес. Бирок, ал түз эле Москвадагы бийликтин  «куйругун» басты. Жалындап бараткан жигит жалп ѳчтү. Тоонун суусу иримдеп аӊтарылды…

Султан –бул кыскача эле накта кыргыздын ысымы. Айтып отурсак «Султан» -деген «терминде» эле канча улуу сѳз жатат. Султан - бул башкысы карапайым элдин Султаны, Султан Ибраимов кѳп жылдары Азыркы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары бириккен Ош облусунун жетекчиси болгон. Карапайым адамдардын «Султаны» болгону ушундан, бир ирет  Ош жергесинен карапайым адам келиптир, журналист катары мени сыйлагысы келип атайы алыстан келиптир. Алыстан «ат арытып» келген адамдын ѳтүнүчүн кантип жерге калтырайын, бир топ убакыт бѳлүүгѳ туура келди. Ошол Түштүктѳн келген карапайым аксакал айтып жатат: «Биздин Султан» -деп. «Султан Ибраимов тууралуу кененирээк билесизби» - деп сурап калдым. «Билем, ал биздин Ош тараптан» -деп калды. Мен анын туулган жерин баса айтсам да, муюган жок, себеби Султан Ибраимовду ал жүрѳгүнѳ ѳтѳ жакын кабыл алып, ал эмес ѳз айылдашындай кѳрүп калганын сездим. Мен аны жакын жердешинен айрыгым келген жок. Арийне, Султан Ибраимов тууралуу кѳп жазып келдим. Эмнегедир, карапайым кызматкерден Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели, Кыргыз ССР Министрлер Советинин председателине чейинки кызматтык жолду басып өткөн мамлекеттик ишмерди, айкөл адам тууралуу жазгандарым жерде калбады. Мына Султан мырзанын накта Султандыгы.

Султан Ибраимов тууралуу эмгек жана экономика үчүн жаралган СССР Министрлер Советинин председатели Алексей Косыгин да жакшы пикирде болгон. Ал эмес Султан Ибраимовду Кыргызстандын келечектеги жетекчиси катары тааныган. 1980-жылдын 4-декабрында Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Султан Ибраимовду Чолпон-Атада эс алууда жүргөндө атып кетишкен, бул тууралуу коомчулукта ар кандай версиялар айтылып жүрѳт. Бир гана версия туура версия Султан Ибраимов иши менен эл алдында кѳрүнүп калган Улуу инсан болгон, ал мүмкүн бул иши менен кимдир бирѳѳлѳргѳ тоскоолдук кылган. Ошондуктан коммунистче так иштеген, калайык-калктын сүймѳнчүгүнѳ ээ болгон Султан Ибраимовду бир гана жолдон тазалабаса, башка арга азыраак боло баштаган.Бирок ким аны жайлаган? Бул да абдан табышмактуу кѳрүнүш. Султан Ибраимовдун бейнесин чагылдырып жатып, бул окуяга да,ошол мезгилдеги улуу адамдардын оюна токтоло кетмекчибиз.

Султан Ибраимовду – «жылма репрессия» жок кылган

Мезгил билинбей закымдап учуп, Султан Ибраимовдун бул дүйнөдөн көчкөнүнө узак жылдар болгон экен. 1980 –жылы жайында Москва олимпиадасы болуп ѳтѳт. Ошол мезгилде СССР империясын башкарып турган Саясий Бюро, КПСС Борбордук комитети карып, таякка күнү түшүп баратканы, анын сырттагы кадыр-баркын жоготуп, Москва олимпиадасына АКШ жана башка континенттеги бир топ мамлекет катышпай коёт. Ошол жылы 4-октябрда жол кырсыгынан улам Белоруссиянын жетекчиси, Белорусия компартиясынын биринчи секретары Федор Машеров жок кылынат. Машеров экономиканы эзген, саясат жаатында жаӊы келаткан күч эле. Ал Саясий Бюронун мүчѳлүгүнѳ талапкер болсо да, түз, ачык сүйлѳгѳнүнүн айынан эл арасында жана чет жерлерде барк күтүп, ачык эле СССРдин мамлекет башчысы, КПСС БК Генеральный секретары Леонид Ильич Брежневге коркунуч туудура баштаган. Ал мезгилде алжып бараткан Брежневди «куурчак» катары сахнага чыгарып коюшуп, «жеӊ ичинен» Саясий Бюронун мүчѳлѳрү Андропов, Суслов сыяктуулар башкарып калган. Ошондуктан, «авторитет» күтүп элге алынып жаткан коммунисттерди тазалап, «жылма репрессия» жүргүзүү чаралары башталып калат. Эгерде 1936 –жылдагы репрессияны Сталин Ленинград обкомунун жетекчиси Кировду жок кылып, анын ѳлүмүнѳ такап баштаса, 1980- жылдагы «жылма репрессия» бийликке каршы тик айткан, саясий ишмер Федор Машеровдун  түз жолдо автокырсыкка кабылып жок кылынышы менен башталган.

1980-жылдын 4-декабрында адилеттүүлүк үчүн жанын берген, кыргыз эли мамлекет башына келет деп зор ишеним артып калган инсан Султан Ибраимов табышмактуу түрдѳ жок кылынат. Султан мырзанын ѳлүмү кыргыз эли үчүн таянган тоосу урагандай болгон. Адилеттүү чечим чыгаарын кыргыз эли ушул мезгилге чейин күтѳт. Анткени бул ишти ошол мезгилде СССР мамлекетин чимирип калган КГБнын жетекчиси Юрий Андропов ѳзү колуна алат. Бул мезгилде Москвада бийлик үчүн күрѳш тутанып, жетекчиликке талапкер Машеров капыстан жок кылынып, аны жабыш үчүн «ашына» Ѳзбекстандын жетекчиси, Саясий Бюронун кандидаты Рашидовдун аркасынан коррупциялык иштер чубала баштаган. Ал эми акыйкат үчүн тикесинен –тик туруп берген Султан Ибраимов ошол мезгилдеги Улуу мафиянын куйругун басып, Токмоктогу эт- комбинатынын кожоюндары Бостоновдорду боздото баштаган. Дал ушул жерде ошол мезгилдеги кыргыз саясатынын жүзү жаркырап кѳрүнүп турат. Бул комбинат эт жѳнѳтүп РСФСРдин ири шаарларын багып жатабыз деген шылтоо менен ири махинацияларды жасап жаткан. Булардын муздаткычынын бири ошол жакка эт жѳнѳтсѳ, экинчиси коррупцияны багып жатканын кыргыз ѳкмѳтүн башкарып калган Султан Ибраимов билип калган. Билмек түгүл Токмок эт комбинатынын артынан түшүп, мафиянын артынан түшүп, жалпы калайык-калк үчүн ѳзүн курмандыкка чалган. Ал мамлекеттик жетекчи катары карамагындагыларга катуу талап коюп, айтканын аягына чейин аткарып, ишке жоопкерчилик менен мамиле жасаган. Султан мырза ошол убактагы ички иштер министрлигинин,Габудулиндин ишинин таза эместигин билген. Аларды Брежневдин күйөө баласы Чурбанов колдоп жүргөнүн да билүүчү. Ар дайым эле Токмоктогу эт комбинатындагы эки эт муздаткычтын бирөө иштебей бузулуп, ичиндеги эт жараксыз делинип керектен чыгарылып, мал багуучулардын эмгегин уюшкан мафия жеп келген. Байкап калган Өкмөт башчысы Токмокко өзү келип эт муздаткыч чыгарган заводдон мастер алып барып текшерсе, атайын эле эң керектүү иштете турган тетигин сууруп иштетпей коюшкандыгын көрсөткөн. Чындыгы муздаткычка бир канча тонна эт баткан. Муну байкап калган Султан Ибраимов дагы үчүнчү эт муздаткычты койдуруп коюп өзү тереӊ көзөмөлдөйт. Ошол заманда үчөөнү тең этке толтуртуп, элибизге эт кенен болуп калат. Бул ошол мезгилде адамдын оозун ачырган Бостонов баштаган мафиянын бетинин ачылышы болгон. Султан Ибраимович бардыгына көз жуумп койбой мафиянын куйругун басып,ѳз ажалын тездеткен. Ал СССРде жүргүзүлүп жаткан экономикалык, саясый багыттарында туура эмес фактыларды керектүү мезгилдерде айтып келген. 
Көз боёмочулук, паракорлук, элдин мүлкүн каалагандай талап-тоноочулук анын жан дүйнөсүнө тынчтык берген эмес. 
Көсөм жетекчи Ибраимовду кыргыз журтун башкарат деп эл алдын ала чечип койгон. Машеровдун капыстан ѳлүмү жана Султан мырзанын атылышы 80-жылдагы «жылма репрессиянын»  башталышы болгон. 

 

Муну изилдеген Брежневден кийин зор империяны башкарып калган Юрий Андропов СССРде «чымын учса» жакалап алган, Бостоновду беш манжадай билген.. Бул мафияны изилдеп отурса, түбү барып Москвага такалмак. Ошондуктан, Султан Ибраимовдун ѳлүмүн «Тѳѳ кѳрдүӊбү жок, бээ кѳрдүӊбү жок» кылып, поюздагы бир сандыраган адамдын мойнуна коюп, кийин кѳзүн тазалап  коюшту. Чындыгы, бул табышмактуу ѳлүмдүн түбү тереӊ. Бул окуя Сталиндин убагында кыргыз ѳкмѳтүн жетектеп турган Баялы Исакеевдин Бухариндин кабинетинде отуруп, ичи ысып кетип «Кара жорго» бийин бийлегени эмес. «Кара жорго» бийин Бухаринге бийлеп бергени үчүн Баялы Исакеев репрессия болуп, атылып кеткен. Ал эми Брежнев 1964 – жылы курортто жүргѳн Никита Хрущевдон мамлекет башчысын тѳӊкѳрүш менен алган соӊ, Хрущевду ѳлѳѳр-ѳлгүчѳ камап, совет элине бейпилдик алып келгени менен, сексенчи жылдары анын иши бүтүп калган. Мамлекет башчысын ээлѳѳ үчүн Андропов сыяктуулар жулунуп турса, мамлекеттик бийликти Брежневдин кызы Галина Брежнева менен күйѳѳсү МВД министринин орун басары Чурбановдор башкарып турушкан. Брежневдин күйѳѳ баласы Чурбанов министр Щелоковго баш ийген эмес. Ленинграддын жетекчиси, Романовдордун династиясынын ѳкүлү Брежневдин ордун кѳздѳп турган Романов Эрмитажка той берип, ызы-чуу менен кеткен, ал эми экономиканы эзип, Брежневге түз жол кѳрсѳтүп турган Косыгин, идеологияны ийлеп турган Суслов ушул мезгилдерде жарыкчылык менен кош айтышат. Бийликти мээлеп турган Юрий Андроповго Султан Ибраимов сыяктуу эл колдогон түз адамдын кереги жок эле. Негизи, Султан Ибраимовдун кѳзүн тазалоо боюнча операция ийне-жибине чейин каралып, дыкаат уюштурулган. Мунун башында ошол мезгилде МВДны жетектеп турган Габидулин эмес, Москванын ошол мезгилде чет мамлекеттердеги ѳкмѳт башчыларынын кѳзүн тазалоо боюнча атайын окуудан үйрѳтүлгѳн коопсуздук органдары турган. Кызыгы, КГБнын тогузунчу бѳлүмү ушул иш менен алпурушкан, ал эми КГБнын тѳр агасы ушул ишти контролдукка алган Юрий Андропов болгон. «Карышкырга кой кайтарткан» заман болгондой. Чыныгы элдик уул Султан Ибраимовдун табышмактуу ѳлүмүнүн бети ачылбай кала берди. Султан Ибраимов ошол мезгилде жүргүзүлүп жаткан «жылма репрессиянын» курмандыгы болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями