Жусуп АБДРАХМАНОВ: Салыктар жыл өткөн сайын оорлоп, элди муунтуп баратат, туура эмес, бирок муну оӊдоого менин кʏчʏм жетпейт
Аналитикасы  |   |  647

01.10.1928

Бʏгʏн Ташкентке келдим. Токо тосуп алды. Ал менден вагондон качан тʏшкѳнʏм тууралуу, мен жалгыз келдимби же жанымда дагы бирѳѳлѳр келдиби, деген суроолорду кайта-кайта жаадырып жатты. Ачык айта албаса да Мария менен келдиби деп шекшип турду. Ооба, ал мени менен келген жок, эми мындан ары да эч качан мени менен жʏрбѳйт.

Жол бою ѳзʏмдʏн кʏндѳлʏгʏмдʏ колго алганым жок.Ошондуктан бʏгʏн гана жолдо болгон ой-толгоолорумду кʏндѳлʏк менен теӊ бѳлʏшкʏм келет. Жакшы эле келдик. Жолдош В. менен шахмат ойнодум. Ван Центендин «Бактылуу кʏндѳрʏн», Спиридовичтин «Жандармдын жазгандарын», Мерешковскийдин «Антихрист» ʏчилтигин кээ бир бѳлʏктѳрʏн окуп чыктым. Акыркы эки тʏн уктабай чыктым. Бул тʏндѳр абдан ажайып тʏндѳр болду.Мен Азиянын ажайып тʏндѳрʏн ушунчалык сагынган экемин,бир кѳз ирмегеним жок. Азиянын айлуу тʏндѳрʏнʏн сырын чечмелеш ʏчʏн Азияда жашаш керек. Кызыл-Ордо шаарынан биздин вагонго Харитонов кошулду. Мен аны жакындан билдим. Жакшы адам экен.

Бʏгʏн Тер менен Гикалодо болдум. Ташкентте Зеленский жок экен. Чума тууралуу укмуштай сѳздѳр чыгып жатыптыр. Эки жолдош теӊ кыргыз «патриотторунан» болуп калышты. Тер менен Орто Азия Федерациясын уюштурууну тездетʏʏ жана башка кыргыз элине тиешелʏʏ маселелерди талкууладык.

Гикало менен обкомдогу маселер тууралуу сүйлѳштʏк. Ал менен ѳкмѳттʏ таштап, партиялык иштерге келишимди сунуштайт. Ооба, партиялык иштер жогору, а бирок кыргыз ѳкмѳтʏн ЭКСти ким жетектейт? Ошондуктан бул сунуштан эч нерсе чыкпайт. Эч нерсе чыкпайт, анткени мен жогорку кызмат ʏчʏн партиялык иштерге ѳтпѳйм. Эгерде менин ордума кыргыз ѳкмѳтʏнѳ Эркинди алып келсе, анда бир жѳн. ЭКСте курулуш маселелери боюнча бардык маселелер топтолгон, Эркинден башкасы утулуп калышы мʏмкʏн.

02.10.1928

ЭКОСОнун отурумунда болуп, Интергельпону чийки заттар менен камсыз кылышын талап кылып «салгылаштым». Тер акыр аягы колдоду, мен ѳз максатыма жеттим. Фрунзени кѳздѳй жѳнѳдʏм, ал жакта мени эмне кʏтʏп жатат болду экен?

04.10.1928

Мен ѳзʏмдʏн бир боор шаарымда жана ата-конуш очогумдамын. Эмнегедир мага бардыгы сыртын салгансып, бардыгы тескериленип тургандай сезилет. Кызматыма бардым. Шʏгʏрчʏлʏк. Бул Мурат. Мария менен кандай мамиледе калдыӊ, деп Волод сурап калды. Бʏтʏштʏк. Чын эле бʏтʏштʏкпʏ? Чынында же кат, же телеграмма жок.

Эл комиссарларын (министрлерди) кабыл алдым. Азыркы болуп жаткан ал-ахыбал менен тааныштым. Бюджет жагы кѳп жакшы эмес, айыл чарбасынан салык алуу жагында мʏчʏлʏштʏктѳр бар.

 

05.10.1928 (Жума)

Эл комиссарлар Советинде ишимди уланттым. Эл комиссарларды жана кооперация кызматкерлерин кабыл алдым. Мал чарбачылык боюнча кооперацияда ал-абал начар. Жылыш жок. Менин кабыл алуумда Шаров менен Иванов болушту. Алардын айтуусунда Жол катнаш эл комиссариаты темир жолдун Токмок тармагы боюнча кагаз жʏзʏндѳ буйрук беришиптир, бирок алардын эсептѳѳсʏ боюнча Кант станциясына чейин темир жол бутагын алып келʏʏгѳ 700 000 сом жетишпейт. Бул маселени Зеленскийдин алдына коюуну чечтим, ал Борбордук Комитеттин пленумунда ассигнованиени талап кылсын. Эгерде ал жерде колунан келбейби, кайрадан барып чоӊ адамдардын эшигин жыртууга туура келет. Жагымсыз милдет…

06.10.1928

Мага Эл комиссарлар Советинин мал чарбасы тууралуу долбоорунун резолюциясын карап кѳрʏʏгѳ беришти, эч кандай кыйрата тургандай нерсе жок. Мен ВКП (б) нын областтык комитетинин бюросунда сунуш кылгандарды кайталап,андан да сабатсыз кайталап коюшуптур. Сʏткѳ суу кошкондой эле кеп. Бюджеттин кебете-кешпири ыйлап жибере турган абалда. Маданий-социалдык чыгашалардын салмагы азайыптыр. Капиталдык салымдарга кѳбʏрѳѳк азгырылып, маданиятты унутта калтырыппыз.

Владимир менен тʏшкʏ тамакты бирге ичтик.

Дан комиссиясынын отурумун ѳткѳздʏм. Дан жыйноо аппаратынын ал-ахыбалы абдан жаман. Азиядан, “Кыргызторг” кооперацияларынын тѳрт кызматкерин катуу сѳгʏш менен кызматтан алууну сунуш кылдым.

08.10.1928

“Этпродуктка” пайлык взнос менен кирʏʏнʏн зарылдыгын Эл комиссариатыны Советинде карап чыктым. Оор эмгекти талап кылат. Бардыгынан ѳкʏнʏчтʏʏсʏ, менин иш боюнча коллегаларым элементардуу нерселерге да тʏшʏнʏшѳ беришпейт – эт рыногун уюштурмайын мал чарбачылыгында иштеп жаткан калктын материалдык абалын кѳтѳрѳ  албайбыз. Бѳтѳнчѳ аз камсыз болгон, мал чарба кʏткѳн алсыз  топтордо.

Мал чарбачылыгын мындан ары да ѳнʏктʏрʏʏ ʏчʏн алардын материалдык базасын чыӊдап, нормалдуу байлык топтоого тʏрткʏ болууга тийиш.

«Кыргызстан Октябрдын 11-жылдыгына карата»-деген Брошюра жазууну баштадым. Кызматымда иштеп жатам, ʏйдѳ иштегим келбейт.

Кабинет – жумуш абалы – ишке баш отум менен киришʏʏгѳ мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏʏдѳ. Эми эмне кылуу керек деген ойлорго убакыт да жок. Менде таӊ калычтуу жагдайлар пайда болуп баратат, адамдардан алыстап баратам. Мага жакын адамдардын арасынан да ѳзʏмдʏ жапжалгыз сезип турам. Кимдир-бирѳѳнʏ издейм, бирок таппайм. Канчага чейин ушундай маанайда болом?

09.10.1928

Бул кʏн анча деле тыянаксыз ѳттʏ. Бир нече дыйкандарды кабыл алдым. Бардыгы айыл чарба салыктарынын оор салмагы мʏӊкʏрѳтʏп жатканын айтышат. Чындыгында эле салыкты кѳбѳйтʏп жибердик. Былтыркы жылы 10 сом тѳлѳгѳндѳр, быйылкы жылы 100 сом тѳлѳшѳт. Туура эмес, бирок муну оӊдоого менин кʏчʏм жетпейт. Бул «элдин камын кѳргѳн, кѳрѳгѳч» борбордук жетекчиликтин иши.

Орто Азия федерациясын тʏзʏʏнʏ тездетʏʏ боюнча сунуштарымды Зеленскийге докладдык записка кылып жаздым. Мен мунун канчалык зарыл экендигин жазсам да, бир нерсе жетишпегендей…

Бʏгʏн Ташкентке Орто Азия Бюросунун Борбордук Комитетинин пленумуна даярданып жаткам, бирок Пленум 20 сына жылдырылды деген телеграмма алдым. Баракелде!! Дагы бир жума иштей турайын.

Мамлекеттик сооданын активдери Эл комиссариатынын Советинин токтомун ѳткѳрдʏк. Упсырзаг Кыргызсельсоюзга мал чарбачылык секцияларын бекемдѳѳ ʏчʏн капитал жана мʏлктѳрʏн берди. Акыркы маселе ЭКСтин мʏчѳлѳрʏнʏн арасында ар кандай кѳз карашты жаратты.

Партбилеттʏʏ «колонизаторлор» биздин республикада мал чарбачылыгын ѳстʏрʏʏгѳ кам кѳрʏшʏбʏздʏ жактырбай, колдогусу келишпесе да, кʏчкѳ салып бул маселени колдоого алууга макулдаттым

13.10.1928

Шубриков менен кадр маселеси боюнча, эл комиссариаттын аппараты жана кыргыз жетекчилер тууралуу кѳпкѳ сʏйлѳшʏп отурдум. Уюштурууга  жѳндѳмдʏʏлѳр керек. «Бездельниктер» менен алыска барбайбыз.

Азиялык жамбаштап жаткан жалкоолук – кыргыз кызматкерлеринин башкы мʏчʏлʏштʏгʏ. Бул «оору» менен улуу муундун ѳкʏлдѳрʏ гана эмес, жаштар да "ооруп" калууда.

Шубриков Худайкулов менен Бабахановго баргандыгым ʏчʏн мени кекетʏʏгѳ алды. Анын тʏшʏнʏгʏ боюнча –бул ʏлкѳн саясий кылмыш экен, ошондуктан ал бул маселени бюрого алып чыгам деди.

Мен эгерде ушундан саясий оюн уюштурууну кааласаӊар, анда отставкага кетем дедим.

Бул маселенин башкы мааниси, менин аларга барганымда эмес, алар ушуну шылтоолоп, мени коркутуп алып мойнума аркан салып, аргамжылап байлап алгысы келишет. Андай болбойт. Эсептери ката. Ольгада болуп Раисага телеграмма салып Муся кайда экенин билип берʏʏсʏн сурандым.

БАКтын фракцияларынын отурумунда болдум. Советтерди сьездин чакыруу ʏчʏн каражат табуу боюнча маселе каралды. Койо турушуна жетиштим. Абдан катуу кармаштык. Ар бир тыйын кымбат экенин бары эле тʏшʏнѳ беришпейт экен.

Менде улуттук дивизиондун командирлери болушту. Кенже командирлик состав бʏтʏрѳт экен. Бʏтʏрʏʏчʏлѳр ʏчʏн 100 сомдон белек алышка акча бѳлʏп бердим.

Брошюрамды бʏтʏрʏп басууга бердим.

16.10.1928

Эртеӊ мененден баштап Областтык комитеттин Бюросунун отуруму болду. Саат 3-тѳргѳ чейин отурдук. Мага Худайкулов менен Бабахановго барганым ʏчʏн кыйытып ѳтʏштʏ. Бул менин партиянын катарындагы 10 жылдан берки биринчи партиялык жаза болду. Саат 6 дан баштап Областтык комитеттин Бюросунун отуруму улантылды.

Башка маселелердин арасында жергиликтʏʏ бюджеттен коомдук уюмдарын керектѳѳсʏн каржылоо тууралуу маселе да каралды, а бирок бюджет дефицитте отурат.

Алар 100 миӊ сом талап кылышыптыр, мен болсо 50 миӊ сомду берʏʏгѳ мʏмкʏнчүлʏк жок десем, Шубриков: «Бизде жетекчилик орундарда саясий жактан сабатсыз адамдар отурушат» - дей салды. Аны менен акыйлашпоого болбой калды.

Мен Эл комиссарлар Советин таратып, Абдрахмановду кызматынан алып, бюджетти тʏзʏʏнʏ Обкомдун аппаратына тапшырып, жаӊы Эл комиссарлар Советине куйругун шыйпалаӊдатып буйруктарды аткаргандарды коюш керек дедим. Кармаш катуу болду. Урюпин ѳзʏн-ѳзʏ сактап, аягында жалгыз мен бардыгына каршы болуп калдым. Бюджеттин дараметин билип туруп, бирок чындыкты айтыша албай, «начальниктердин» кѳз карашы менен теӊ айланышкандарды карап туруп капа болдум.

«Акыйкатчыл» кошоматчы – чиновниктер катары ѳсʏп бара жатат. Мындан партия менен революция утушка жетеби?

Билбейм.

Саат 10 до аяктадык. Бʏгʏн мен дагы бир жолу ѳз ишеничимди бекемдедим, мындан ары мен акыйкат эсептеген маселелер ʏчʏн жалгыз кʏрѳшʏʏ тагдыры мага буюруптур.

Абдан куса болдум, бѳтѳнчѳ ʏйгѳ келип жапжалгыз калган соӊ кусалыгым ого бетер артты. Бʏгʏн болгон окуялар тууралуу кимдир бирѳѳлѳр менен бѳлʏшкʏм келди. Ушундай оор минуталарда мени колдой турган эч ким жок. Эч ким жок…

17.10.1928

Эртеӊ менен дан комиссиясынын отурумуна катыштым, ал эми саат 2 ден баштап улуттук дивизиондо болдум. Аскерлешиптир. Кечээки эле Тянь-Шань тоолорунун батрак дыйкандардын балдары аскердик тартип менен катарда тургандарына суктандым. Казарма тар. Орто Азия аскер округунун командачылыгынан каражат бѳлʏп берʏʏ тууралуу сʏйлѳшѳйʏн деп убада бердим.

18.10.1928

Ташкентке жѳнѳдʏм. Жолдошторум кʏн боюу шахмат ойноп барышты, мен болсо китеп окуп бардым.

19.10.1928

Поюз Ташкентке бир саат кечигʏʏ менен барды. Арыстан Марияга жазган катымды жѳнѳттʏм. Кʏнʏ боюу Володя айткандай баш кѳтѳрбѳй китеп окуп отурдум. «Регин» мейманканасынан орун алдым, ушул жерде менин жашоомдогу эӊ чоӊ жана кайталангыс трагедиям башталган. № 15, № 23 жана № 25 номерлʏʏ бѳлмѳлѳрдʏ эч качан унутпаймын.

Вокзалдан бир тууган иним тосуп алды. Чоӊоюптур. Чымыр тартып баратыптыр. Ал менин келеримди билген эмес экен, бирок интуациясы боюнча эле чыгып мага жолугуп жатпайбы. Мен аны менен сыймыктанам. Келечектен кѳптʏ ʏмʏттѳндʏрѳ турган жигит.

Которгон : Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Поделитесь с друзьями