Журналист Турсунбек Бейшенбеков камакка алынды
Кылмыш жана кырсык  |   |  748

“Чындык.кж” сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 20-январга күбө катары дагы суракка чакырылган эле. Ушул тапта журналисттин жубайы Гульзада Жумашева камакка алынганын NazarNews.kg маалымат агенттигине кабарлады.

"Турсунбек Бейшенбековдун жубайымын. Учурда колумда үч жаш балам бар. Жардам бериңиздерчи",- деди жубайы.

Эске сала кетсек, журналист Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 16-январда 1,5 саат сурак берип чыккан. Азырынча журналист эмне себептен камакка алынгандыгы сыр боюнча калууда.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями