Жора Сулайманов: "Биз агартуучулук милдетибизди аткарышыбыз кажет"
Маек  |   |  290

Эртелеп босогобузду аттап Жора агайыбыз келип калды. Ар кайсыл багытта сүйлөшүп отуруп, "Ачык сөз" гезитинин мааракесине токтолдук. Андан сырткары да темаларда кеп козгоп негедир ортодон кызыктуу баарлашуу пайда болду. Анда эмесе ошол маектин орчундуу жерлерин окурмандарга сунуш кыла кетели.

- Агай сөзүңүзгө караганда беш жылдыкты жакшы өткөрүп алыптырсыз. Оболу ошол тууралуу айтып берсеңиз?

- Убакыт деген зымырык куш деген чын тура. Антип, минткиче беш жылдык өмүрүбүздү сүрүп коюптурбуз. Албетте, ушул жылдарды оңой эле өткөрүп салдык дегендин өзү аша чапкандык. Окурман журтчулугун түптөө көп түйшүктөнүүнү талап кылды. Акырындык менен базар экономикасынын шартына ылайыкташып, мурдатан бери жарык көрүп келаткан басылмаларга куйрук улаш келе бердик. Шүгүр дейли, өзүбүздүн ордубузду таап, жугумдуу макалаларыбыз аркылуу окурмандын жүрөгүнө жол салууга жетиштик. Эң башкысы -учурда гезитибиз элеттиктердин жана уюткулуу журтчулуктун көңүлүн тапты деп ишенимдүү түрдө айтсак болот. Ал эми беш жылдык мааракебизди "Енисей" кафесинде 21-декабрда өткөрдүк. Назгүл Мамытова ошол күнү табы айнып келе албай калганын өзү билдирди. Ошол аземдин көркүн эки баатырыбыз-Миталип Мамытов менен Алиясбек Алымкуловдор чыгарып берди жагымдуу сөздөрү менен. Экс-министр Нурханбек Момуналиев, эл артисти Роза Аманова, КР эл акыны Карбалас Бакиров, көрүнүктүү публицист Абдиламит Матисаков, И.Арабаев атындагы үниверситеттин ректорунун биринчи орун басары Тууганбай Коңурбаев, кадырман аксакалыбыз Шаймерден Керимбаевдер жалындуу кептерин аяшкан жок. Баарынан да окумуштуу Октябрь Капалбаевдин чыкыйга бара мык болуп кагылган кептери отургандардын алакан чабуусуна татыктуу болду. Ал эми жылдын чыгаандарына номинациялар тапшырылып, мындан аркы жашоосуна шык берилди. Баса, аземди кыргыз журтчулугуна таанымал Темирлан Сманбеков алып барып, ал тургай ырдестесин тартуулаганы өзүнчө эле сенсация болду. Инилерим Нурлан Турсункуловго, Осмонбек Артыкбаевге, Акылбек Ракаевге, Таалай Тургуновго, Мирлан Баековго, Жоодар Нусуповго ыраазычылык билдирем.

- Мындан аркы максаттарыңызга да токтоло кетсеңиз?

- Биз, гезитчилер, агартуучулук милдетибизден кайтпашыбыз керек. Кыргыз мамлекетин сактап калууга, өнүктүрүүгө, өйдө көтөрүүгө өзүбүздүн салымыбызды кошсок мындан артык иш болбостур? Арийне, жаңы жыл алдында ачуу сөздөрдү айтпай позитив маанай менен кебимди кыскартсам туура болот го деп эсептейм. Силерге да албан ийгиликтерди каалайм, ылайым соттон утулбагыла, акыйкат үчүн күрөшө бергиле. Келе жаткан чычкан жылы элибизге берекесин аябасын, ошолордун арасында биз да бирге бололу!

Нуркыз БАКАСОВА

Булак: “Ачык саясат”

Поделитесь с друзьями