Жол кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды
Кылмыш жана кырсык  |   |  876

Жол кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 11-февралында саат 21:57 чамасында Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо конушунда, Гагарин жана Урмат көчөлөрүнүн кесилишинде “БМВ” үлгүсүндөгү жана “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү унаалар кагышып, натыйжада унаалардын кыймылдаткыч бөлүктөрү күйгөн.  Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам (3 эркек жана 1 аял, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 1 эркек адам жабыркаган.

Өрттүн себеби такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями