Жол эрежесин бузгандар убактылуу айып төлөй албайт
Коом  |   |  1184

Жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптарды кабыл алуу убактылуу токтотулду. Ал техникалык иштерге байланыштуу. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен маалымдашты.

Мекемеден билдиргендей, президент жакында жол эрежесин бузгандардын айып өөлчөмүн төмөндөтүү боюнча мыйзамга кол койгон. Ошондуктан, “Коопсуз шаар” долбоорунун техникалык адистери төлөм кабыл алуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Андыктан, айыптарды кабыл алуу убактылуу токтотулду. Аны жандандыруу 19-январга белгиленген.  

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями