ЖКнын кайсы депутаттары Бакиевдерден акча сурап жүрөт?
Саясат  |   |  475

"Парламенттик шайлоо көп адамдын тынчын алууда. Азыркы саясий айдыңдын жанданышы - бул башталышы гана. Алдыда дагы кандай гана фокустарга күбө болбойбуз. Кыскасы, элибиз эрикпей турган болду.

Ноябрдын аяк ченинде Жогорку Кеңештин үч депутаты - Калдарбек Баймуратов, Улугбек Ормонов жана Данияр Төлөнов Белоруссияга барышып, парламенттик шайлоосуна байкоочу болуп келишкен. 
Жөн барбай, үчөө Минскиде Бакиевдер менен жолугушкан.

Көрсө, булардын максаты башынан эле Бакиевдердин Кыргызстанда калган тарапкерлери (алардын ичинде өздөрү дагы бар, албетте) үчүн парламенттик шайлоого акча сурамай экен. Анын үстүнө Калдарбек Баймуратов Бакиевдин туугандарынан болуп кетет. Ал эми Төлөнов болсо буга чейин бир канча жолу Белоруссиядагы парламенттик шайлоону шылтоолоп келип, Бакиевдер менен жолугушуп жүргөнү айтылууда.

Элин аткан, жерин саткан Бакиевдердин арам акчасына маарыгысы келген депутаттарга жол болсун. Ушундай жол менен парламентке келгенче, башты бийик көтөрүп, өз эмгегиң менен таза жашаганга эмне жетсин..."-деп  Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу AYGEN press жазып чыкты. 

Поделитесь с друзьями