«Жер Үй» инвесторлорго ишеним жаратты...
Экономика  |   |  244

12-декабрда «Альянс Алтын» ишканасынын директору Михаил Шубин «Альянс алтын» ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча отчеттук тегерек стол өткөрдү. Тегерек столго мамлекеттик ишмерлер, бизнес өкүлдөрү, экономика, экология жана тоо-кен, өндүрүш боюнча эксперттер катышып, «Жерүй» кениндеги аткарылып жаткан иштер талкууланды. Ошондой эле «Жерүйдүн» мамлекеттин экономикасын көтөрүүдө, элдин турмушун жакшыртууда өзгөчө орду бар экени айтылып, кенди иштетүүдө экологияга эч кандай зыян тийбегендей заманбап технология колдонулуп жатканы баса белгиленди. «Жерүйгө» окшогон ири долбоорду иштетүү менен мамлекет ири инвесторлорго да ишеним жарата алды десек жарашат.

Шердали Бактыгулов, эксперт:

- "Альянс Алтын" ишканасы мурдагы кен иштетүүчү ишканалардан өзүнүн ачык-айкындуулугу менен айырмаланып, "Жерүй" кенин иштетүү укугуна ээ боло алды десем жаңылышпайм. Ишкана ушул кезге чейин Талас облусунун инфраструктурасынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп, айыл тургундарын жумуш менен камсыздап, мамлекетке салык төлөп, бир топ жакшы жумуштарды аткарыптыр. Бизге ушундай ачык-айкын иштеген, социалдык пакеттери бар, элге пайдасы тийген, "Жерүйгө" окшогон ири долбоорлор иштегени пайдалуу.

Орозбек Дүйшеев, Тоокен өнөр жай жана геологдор ассоциациясынын төрагасы:

- Мамлекетибиздеги жоопкерчиликсизден, акылсыздыктан, ар кандай коррупциялык иш-аракеттердин кесепетинен улам "Жерүй" кени 30 жылдан бери иштетилбей келген. "Жерүй" Кыргызстандагы эң алдыңкы кен болуп эсептелгенине карабай, ушул кезге чейин колдон-колго өтүп, мамлекетке бир да пайда алып келген жок эле. Бүгүнкү "Альянс Алтын" ишканасынын жасап жаткан иштерин угуп, абдан жакшы иш болуп жатыптыр деген ойго келдим. "Жерүй кени ишке киришип, өлкөгө өз салымын кошот деп ишенем. Мага өзгөчө аймактарды өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы жакты. Өндүрүлгөн кирешенин 2 пайызы Таластын өнүктүрүү фондуна түшкөнү чоң иш. Бул каражат менен аймактарды өнүктүрүп алса болот.

Азамат Акенеев, экономист:

- Ар кандай сыноолорго карабай "Жерүй" долбоору өз ишин баштаганы турганын көрүп абдан кубанып турабыз. Чынында Кыргызстандын кен иштетүү боюнча мыйзамдары жакшы жазылган. Бирок иш жүзүндө алар жазылгаңдай аткарылбай келгендиктен, "Альянс Алтын" ишканасы да ар кандай сыноолорго туш болуп келген. "Альянс Алтын" компаниясы бизди көп чырдан куткарып кетти. Өзүңөр жакшы билгендей, кенди иштетүүгө эл да нааразы болуп, инвесторлорго болгон шалаакы мамиледен улам Кыргызстанды ири эл аралык арбитраждык соттор күтүп турган. Бирок "Альянс Алтын" ал маселелердин баарын өзүнө алып, бардык чырларды өздөрү чечти. Жергиликтүү элди да ачык-айкындуулугу менен ынандырып, жумуш орундарын түзүп, мыкты шарттары менен бир келишимге келе алды. Мындан ары да ийгиликтүү иш алып барып, өлкөгө өз салымын кошот деген ишеним чоң.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: “Фабула”

Поделитесь с друзьями