"Жаштар парламентинин" өкүлдөрүнө төш белгилер тапшырылды
Саясат  |   |  770

Бүгүн, 17-январда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 2020-жылга карата тандалган "Жаштар парламентинин" өкүлдөрүнө төш белгилер тапшырылды.

Иш чарага төраганын орун басары Аида Касымалиева баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Аида Исмаилова жана Айсулуу Мамашева катышты.

Жогорку Кеңештин депутаттары өлкө келечеги жаштардын колунда экенин белгилеп, аларды жигердүүлүк менен мамлекеттеги жаңыланууларга салым кошууга үндөштү.

Эске салсак,  "Жарандык идеялар" фонду тарабынан уюштурулган “Жаштар парламенти” долбоору Кыргызстанда 2011-жылдан бери иштеп келет.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями