Жаркын Суран кызы: "Ак үй" менен жакын болуп кетиши "Азаттыкты" өксүтүп койдубу?
Коом  |   |  707

Илгери бирөө минтет эле: «Азаттыкта» кандай адамдар иштейт, өтө кыйын журналисттер иштейби дейт эле.. Жок, кыйын журналисттер көп, ошол кыйын журналисттерди иштете турган жер керек дечүмүн. Ошондой «Азаттыкта» бүт шарты жетиштүү... Ошол «Азаттык» жөнүндө айткым келип атат кичине... Азыркы убакта «Азаттык» мурдагыдай болбой калды деп айтып калышат да. «Азаттыкты» биз баары бир жакшы көрөбүз да, эмнеси болсо дагы. Баякылардан бери иштеп атат, аларда күнөө жок, жамандагым да келбейт, алардын баарын жакшы көрөм, бирок «Азаттык» мурдагыдай болбой калды дегенге негиз бар. Эми кадр маселесине биз кийлигише албайбыз, бирок бир нерсени айтып коёюн. Бир күнү эле Осмонакун Ибраимов сүйлөп атат «Азаттыктан». Ой-тобо, бул кишини эмнеге чакырды экен эфирге деп атпаймынбы. Көрсө, жок, ал киши иштеп атыптыр да ал жерде.

Ошол жерде автор болуп иштеп жатыптыр да. «Азаттыктын» микрофонун көтөрүп барганыбызда, Осмонакун Ибраимов мамлекеттик катчы эмес беле. – Ой, силер, «Азаттыкта» иштегендер, силер ушинте бересиңер, көрсө, тиги сырттагы Американын радиосу турбайсыңарбы деп эле бизден микрофонубузду алып, башыбызга бир койгонго даяр киши эле да. Бир эле ушул кишинин мисалы жетет да. Эч жагын карабай туруп «Азаттык» ушуну иштетип алганына аябай өзүмчө капа болуп кетем. Бул кадр маселеси да. Ушундай эле, кийин карап турсаң, «Ак үйдө» иштеген адам «Азаттыкка» келет, «Азаттыкта» иштеп аткан адам «Ак үйгө» барат... Кайсы жерде бийлик менен илешип, бийлик менен барды-келди кылып аткан жерде чындыктын үнү угулушу кыйын...

Угулбайт. Кааласак-каалабасак да, адамдын табити ошондой, ошонун көңүлүн жасайбыз да, ошонун көңүлүн кылабыз да. Ошондон мен ойлойм – бийликке аралашып кеткен кайсы журналист болбосун пендечиликке барып калат экен. Кайсы журналист болбосун. Эгерде журналист деген көз каранды болуп, журналист деген көкүрөгүндөгүнүн баарын камап, ачыкка чыгара албай, кандайдыр бир нерсеге байланып калган жерде чындыктын ачыкка чыгышы өтө кыйын. Мен ойлойм, ушул «Ак үй» менен ортолуктагы... аны менен жакын болуп кетиши «Азаттыкты» өксүтүп койдубу, кичине аксатып койдубу деп ойлой берем да.

Нарын Айып

Поделитесь с друзьями