Жардыргыч заттарга рейд уюштурулду
Коом  |   |  398

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда пиротехникалык каражаттардын мыйзамдуу сатылышына көзөмөл жүргүзүү максатында атайын рейд уюштурулду. Анын жүрүшүндө буга чейин тийиштүү тараптардын жүргүзгөн түшүндүрүү иштерине карабай, жарылгыч заттарды мөөнөтү өткөн мыйзамсыз абалда сатыкка алып чыккан соодагерлер аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы.

"Эми аларга карата тиешелүү укуктук чаралар көрүлмөй болду. Рейддин алкагында пиротехникалык каражаттарды саткан соода жайларынын ээлерине, сактоо жана сатуу эрежелерин билүү керектиги эскертилди. Мындай кадамдар тургундардын жана жаш балдардын ден соолугун кам көрүү менен бирге өрт коопсуздугунун алдын алуу болуп саналат",-деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями