Жамин Акималиев: "Чоң муштум" Мурашев кеткенден кийин "кичине муштум" Чодуевден майнап чыкпады
Маек | 

КР дыйканчылык илим изилдөө институтунун директору, академик менен маек...

-- Жамин ага, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевдин ишмердиги тууралуу сурайлы, жаңы министр ишти алдыга жылдырып жатабы?

-- “Жылдырып жатабы?” дедиң. Жылдырмак тургай чекесинен кыйратып, жок кылып баратат окшойт. Чодуев эң негизгиси, айыл чарба адиси эмес экен. Министрдин орун басары болуп беш жыл иштесе эле “айыл чарбасын билет” деп, былтыр “чоң муштум” Мурашев кеткенден кийин “кичине муштум” Чодуевди алып келишиптир. Мындай иликтеп көрсөм, ФПИнин курулуш инженери бөлүмүн бүтүптүр. Бизде “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дешет эмеспи. Сиздерде мыкты журналисттер болгон үчүн гезитиңерди окуп атабыз. Курулуш тармагында 13 жыл иштептир. Эмне курганын билбейм. 2014-жылы бирөөлөр апкелип, “айыл чарба министрлигинде орун басар кылдык, кайра иштетүүнү жолго коёсуң” дешиптир. Кайра иштетүүнү биротоло жоготуп, мурунку 30 пайыздан бир пайызга түшүрүп жибериптир. Сүттүкү 12, бизде өтпөй жаткан картошканыкы да бир пайыз. “Бу министр талкалаганы боюнча тажрыйбасы күчтүү. Эми биротоло айыл чарбасын талкаласын” деп былтыр май айында, элдин баарын таңгалдырып министр кылышты. Ар бир адамдын ишке карата жөндөмү болот. Жөндөмү бул ишке дал келбейт экен. Кыскасы, Чодуев “чолок” иштерди кылып атат. 

-- “Чолок” дегенди түшүнбөй калдым...

-- Себеби, иштин көзүн билбей атат. Стратегия, келечек маселе жөнүндө айтпай эле коёюн. Өндүрүштө эмне болуп атканынан кабары жок, тияк-быякка чапкылап жүрөт.

-- Талкалап аткан боюнча фактыңыз барбы?

-- Фактылар толтура. Келе калып эле министрликти демонтаж кылып баштады. Суу тармагын алдырып ийди, айыл чарба министрлигине караштуу суу департаменти бар болчу. 

-- Кимге алдырып ийди?

-- Депутаттардын кызыкчылыгыбы же башка бирөөнүн кызыкчылыгыбы белгисиз, “суу чарба боюнча мамлекеттик агенттик” деп түзүп коюшту. Бул түздөн-түз өкмөткө баш ийет. Бизде 1 200 000 гектаар айдоо жерибиз бар. Ушу кезде Кыргызстандын талаачылыгы берген азык-түлүктүн 90 пайызын сугат жери берет. Суу – биз үчүн тагдыр, өмүр. Эмне үчүн алдырып ийет? Жадагалса “чоң муштум” Мурашев алдырган эмес. Эми мунун начарлыгы, жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентиги түзүлүп, жерди алдырып ийди. Жеке менчикти кошпогондо 25 пайыз мамлекеттин жери бар эле. Айыл чарбасын көтөрүп турган эки “кит” бул суу менен жер да. Эми экөөнөн ажыраса эмне деген министрлик? Эгер күчтүү министр болсо ушинтет беле? “Иштетүүнү катырат” деген адам муну да алдырып ийди. Көп киреше алган тармактын баарын министрликтен жулдуруп жиберди да, салык инспекциясына өткөрүп коюшту. Аты эле калды, заты жок. Кыскасы, кулак-мурундан ажырап, көзү эле калды, калганын алып кетти. Антейин десең, “Чодуев жайытты башкарып атпайбызбы” дейт. 9 млн. гектар жерибиз бар. Формалдуу түрдө мамлекеттин, анын ичинде айыл чарба министрлигине караштуу. А чындыгында мындан да ажырап калышты. 

-- Кантип?

-- Мындан он чакты жыл мурун эл аралык каржы уюмдары өздөрүнүн даяр долбоорлору менен келип, “Жайыт комитети” дегенди түзгөн. Ушул коомдук уюм башкарып атат. Кыскасы, муну да эл аралык уюмдар, “Жайыт комитети” башкарып калды. Абдумалик Эгембердиев жетекчилик кылып, Чодуевдин эч бир тийешеси жок. Менин оюмча, муну дагы жакында “Жайыт боюнча мамлекеттик агенттик” деп алып кетишкени турат.

-- Алдырып ийгени боюнча министрдин өзү менен сүйлөштүңүзбү?

-- Мен бул боюнча министрдин өзүнө “эмне үчүн сен келгенде буга чейин турган чарбалардын баарын алдырып ийдиң?” десем, “алса алып кете берсин, бизде айыл чарба саясаты бар” дейт. Өзүң билесиң, учурда самандан саясатчы көп. Саясаттын көптүгүнөн ушундай акыбалга келдик. Айыл чарбага адис керек, мейли зоотехник, агроном болобу, мейли гидротехник, ветврач болобу? Саясаттан эл тажап бүткөн. “Жылаңач туруп эмне деген саясат жүргүзөсүң? Кемең, аны айдай турган калагың жок болуп туруп, элге кандай пайдасы бар?” дедим. Мынча болду министрликти жоюш керек же министрди алмаштырыш керек. 

-- Министр учурда эмне иш менен алек болуп атыптыр?

-- Азыр бул күчүнүн баарын аппараттагы кызматкерлердин “канын ичкенден” чыгарып атыптыр. Он чоң бирикме: алты департамент, эки илим изилдөө институту, эки илимий борбор бар экен. Бүткүл күчүнүн баардыгын ошондон чыгарат. Айыл чарба иштери бул жакта эле калып калды. Ошол жерге туруп алып, “мына, мен келгенден бери ар бир райондон (40 район) 104 пайыз өсүш беришибиз керек” деп 2019-жылдын май айында айтат. Ар бир райондо камсыз кыла турган уполномоченный шайлап алыптыр. Жума сайын жогоруда айткан он бирикменин башчылары менен планерка өткөргөнүнө күбө болдум. Жыйынды өткөрүү стили порочный экен. Жагымсыз, акылга сыйбаган. Өтө майда кишидей көрүндү. Элди эзип, 1-класстан окуучусундай “канын ичип”, жамааттын ичинде интрига гүлдөп кетиптир. Ушак-айыңдын падышасы болуп, ушакчылардын тилин алып калганы кандай? “Коомдук негиздеги кеңешчилерим” деп, 15 чакты кишиси баканооз, кошоматчыларды тегерегине жыйып алгандай. Кыскасы, министрликтин ичиндеги психологиялык климат абдан начар, элдин баары абдан нааразы. 

-- “Жакында эле айыл чарбасынын экспортун көбөйттүк” дегендей болду эле, бу жагы кантип атат?

-- ЕАЭБ анализ кылып, беш жылдын ичиндеги жыйынтыгы боюнча Кыргызстан соода-сатыгын 8,6 пайызга көбөйтүптүр. Армения 52 пайызга, Казакстан 42, Беларусь 41 пайызга, Россия 31 пайызга көбөйтүптүр. Анан эмнебиз менен мактанабыз? Экспорттун көлөмү азайган. Эң кейиштүүсү, жалпы соода-сатыктын 67 пайызы импорт, сырттан келген, калганы экспорт. Сырттан келген товарлар бизди басып кеткен. Айыл чарба министрлигинин негизги милдети – Кыргызстандын тогуз азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Бул абдан оор абалда. Мына ушуларды Чодуев камсыз кыла алабы? Азыркы күндө сүт, жашылча, картошка менен гана камсыз болуп, ал эми калганын сырттан ташып келип атабыз. Башканы айтпасак да нанды алалы. 6 млн. кыргыз элине 1 млн. 200 миң тонна буудай керек. Былтыр Чодуевдин “акылман” жетекчилиги менен 610 миң гана тонна, эки эсе аз буудай өндүрүлүптүр. Бизге жетпей аткандан кийин Казакстан калган муктаждык буудайды чек арадан кигизип, биздин дыйкандар талаада отуруп калган. Быйыл Казакстандан буудай болбой калып, азыр нандын баасы 25 пайызга кымбаттады. Апельсин менен Индиянын чайы өспөйт. А буудайчы? Суумайды деле СССР маалында камсыз кылып келгенбиз. Азыр болгону 18 пайыз камсыз кылат экенбиз. Кумшекер, кызылчаны көбөйтүп, былтыр жакындап калганбыз. Быйыл кызылчанын баасын министрлик төмөндөтүп ийип, аяктан да аксап атабыз. Алма-өрүк бизде батпай жатса, ал да сырттан келип атат. Казакстандын күмөндүү жумурткаларын айтпай эле коёлу. Кытайдан тоок эти... Ушунун баарын айыл чарба министрилиги башкарат да. 

-- Чодуев айыл чарба министрлигине кандайча келип калды?

-- Иликтеп көрдүм. Таянган тоолору бар экен. Бизде өкмөттө айыл чарба бөлүмү деген бар. Илгертен бери абдан маанилүү бөлүм. Ошонун башчысы болуп бир нече жылдан бери Алмаз Жээналиев деген болпойгон жигит иштейт. Мына ушу жигит Чодуевдин ишеничтүү адамы деп билдим.

-- Кайдан билдиңиз?

-- Жаңы жылдан кийин министр өзү менен кошо өкмөттүн айыл чарба бөлүм башчысын Берлин шаарына “Жашыл экономика” деген жыл сайын өтө турган көргөзмөгө бирге барышат. Бир жумага барып келишет. Ошондон кийин абдан жакын мамиледе жуурулушуп кеткенинен кабарыбыз бар. Бу жерде бөлүм башчы калыс сөзүн айтып, эл менен иштеше турган ыкмалар менен бөлүшкөндүн ордуна, тескерисинче, министрдин сөзүнөн чыкпайт имиш. Эми жакында эле “этти экспортко чыгарып атабыз” деп мактана баштады. Эт чынында чыгып атат. Малды союп сатса, бир жарым эсе көбүрөөк пайда табат. Тирүүлөй анча эмес. 2019-жылы 400 миң баш ири мал, кой Казакстанга өтүп кетиптир. Бул туура эмес. Физиологиялык норма боюнча бир киши жылына 61 килограммдан эт жеш керек. Бизде 40 килограмм жейт экен. Ошентип өзүбүздө эт жетпей жатса, жарым млн. малды чыгарып алып мактанабыз. Анын себебинен эттин да баасы көтөрүлүп кетти. 

-- Министр менен жеке мамилеңиз кандай?  

-- Мен баардыгын эч жашырбай бетке айтам. Кемчиликтерин көзгө сайгандай көргөзүп турам. Ошондон уламбы, мага болгон көз карашы ойдогудай эмес экенин байкайм. Ырас, сурап калдың, айтууга туура келди. Булар “Акималиевди жоготуш, кутулуш керек” деген операция-пландарын ишке киргизип атышыптыр. “Атаңды алдап-салдап күчүн ал” дегендин ордуна, менин айткан сын пикирлеримди кабыл алып, керек болсо бир канча жылдык тажрыйбамды алгандын ордуна “бу киши бизге тынчтык бербейт экен, сын пикир айтат экен” деп мени жек көрө баштагандары туура эмес иш деп ойлойм. 

-- Мүмкүн башка да себеби бардыр?

-- Бир жолу жыйналышта “сындырып” койдум. “Эркинбек Урайымович, сиздин жасап аткан ишиңиздин ыкмасы акылга сыйбаган иш. Бу сиз отуруп алып эле эки саат элди эзип, монолог кылып атасыз. Жыйналышта диалог болуш керек. Элдин пикирин угуңуз” деп айтсам, “сынып” калган. Анын ою боюнча эч ким унчукпай, мектеп окуучуларындай отуруубуз кажет окшойт. Ушундан жакпай калыптырмын. Таянган адамы өкмөттөгү бөлүмдүн башчысы менен кайда барабыз? Кеч болуп кала электе министрди которуу болуп, адискөй адам келип калса, мындай учурда Кыргызстан утушка гана ээ болот эле...         

Сурат Жылкычиев

Поделитесь с друзьями