Жалал-Абад мектептерине милициянын сүрөттөрү илинди
Коом  |   |  282

Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айылындагы №10 Т. Кошматов атындагы мектеп гимназиясында милиция менен окуучулардын жолугушуусу болуп өттү. Анда "Inter-bilim" коомдук бирикмесинин алкагында уюшулган "Тайгараев жаштар аракети" программасынын негизинде 2019-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы каралды.Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Мектепке жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин жана аймактык участкалык инспекторлордун сүрөттөрү, телефон номерлери окуучулар тарабынан жасалып илинди. Мындай байланыш номерлер жазылган тактайчалар шаар аймагындагы №11 жана №18 мектептерге дагы жайгаштырылды. 

Мындан сырткары милициянын демилгеси менен окуучулар арасында "Менин кыялымдагы милиция" аталышындагы дил баяндар жазылып, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар, Жалал-Абад ШИИБнин ардак грамоталары тапшырылды. 

Милиция менен жаштардын ортосундагы байланышты мындан ары дагы күчөтүү максатында сунуштар айтылып, алдыда уюштурулуучу иш-чаралардын мерчемине киргизилди. 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями