Жакшы жаңылык! Жаш калемгерлердин чыгармаларын акысыз чыгаруу үчүн сынак жарыяланды
Маданият  |   |  180

Кыргызпатент жаш калемгерлердин жарык көрө элек чыгармаларын китеп кылып акысыз чыгарып берет. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунан билдиришти.

Маалыматка таянсак, аталган мекеме "Жети жаш автор" адабий сынагын жарыялады. Ага 18 жаштан 45 жашка чейинки курактагылар катыша алат. Жаштар өздөрүнүн буга чейин жарыкка чыкпаган поэзия, проза, драма, публицистика багытындагы кыргыз, орус тилиндеги чыгармаларын сунуштай алат.

Сынакка катышуу үчүн - кыскача өмүр баян, автордун сүрөтүн жана учурда иштеген же окуу жайынын аталышын жиберүүсү зарыл.

Сынактын максаты — жаштардын чыгармачылыгынын өсүп-өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү.

Өтүнмөлөр 2021-жылдын 30-январына чейин кабыл алынып, каалоочулар fund@patent.kg электрондук дарегине же Бишкек шаарындагы Кыргызпатенттин имаратына алып келиши керек.

Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор: (0312) 68-04-71, (0552) 84-83-29, (0700) 84-83-29.


Булак:NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями