Ырыскелди Осмонкулов: “Улуу балдарым менен кичүүлөрүн тааныштырчу күн да келер...”
Маданият  |   |  6492

"Музыка бул - менин жашоом. Чыныгы чыгармачыл адам эч качан бош отурбай, дайыма изденүүнүн үстүндө болушу керек. Музыкага келдиңби, демек, жаңы идеяларга бай болушуң керек",- дейт каарманыбыз. Бүгүнкү маегибиздин коногу - КРнын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов.

- Саламатсызбы? Досуңуздун карындашы каза болуп бошобой жаттыңыз, арты кайырлуу болсун!

- Рахмат! Досум Адиль Чекиловдун карындашы Нургиза оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтып, учурда баарыбыз кайгырып турган чагыбыз. Нургиза музыка жандуу, музыканы жүрөгү менен сезе билген жан эле. Шаарыбыздагы клубдарда джаз жанрында ырдачу. Бүткүл жашоосун музыкага арнаган адам болчу десем жаңылышпайм. Айла жок, эмне кылабыз, досубузга кайрат айткандан башка арга таппай эле отуруп калдык...

- Күйөрмандарыңызга концерт бердиңиз, кандай өттү маараке-концертиңиз?

- Ооба, жакында эле өзүмдүн элүү жылдык, чыгармачылыкта жүргөнүмө отуз жыл толгонуна карата чоң юбилейлик концерт бердим. Концертте ырлар жүз пайыз жандуу үн менен аткарылды. Концерт эң бийик деңгээлде өттү десем жаңылышпайм. Анткени сахнанын жасалгасы, кымбат экрандардан концерттин чагылдырылышы, режиссура, кымбат аппараттар менен концерттин коштолушу, кыскасы, абдан эле кымбат баалуу долбоор болду. Ошого жараша билеттердин баасы дагы кымбатка турду. Андан тышкары концертте кызмат көрсөткөн профессионалдуу музыкант-инструменталисттерге гонорар төлөп бердим. Менин чыгармачылыгымды сыйлап келип берген күйөрмандарга абдан ыраазымын.

- 90-жылдардагы кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү өкүлү элеңиз. Ошол даңазалуу дооруңузду сагынасызбы азыр?

- Албетте, ошол чыгармачылыгым бийик деңгээлде турган кездерди мен азыр кубануу менен эстейм, сыймыктанам. Бирок азыр деле, Кудайга шүгүр, жакшы эле иштеп жатам. Күнүм кечке студияда өтөт. Ырларым, клиптерим биринин артынан бири чыгып жатат. Кыргыз маданиятына буга чейин кандай салым кошуп келсем, учурда дагы бул аракетим күчүндө.

- Сизди биз чыгармачыл адам катары гана билебиз, а үйдө кандай кожоюнсуз? Мырзага тиешелүү бардык иштерди жасай аласызбы?

- Мен он бир туугандын эң кичүүсүмүн. Андыктан азыр Бишкектин четинде ата-энемден калган жер үйдө жашайм. Корообуз абдан чоң. Кадимкидей эле жашылча-жемиш тигип багбанчылык кылам. Бак отургузам. Төрт жыл мурун балдарыма, неберелериме арнап кокон гиляс отургузгам. Буюрса, быйыл жаздан баштап жемишин берип баштайт. Аларды көзөмөлдөп, кам көрүү менин моюнумда. Андыктан профессионал музыкант эле эмес, чыныгы мырзага тиешелүү бардык иштер колумдан келет. Камкор ата, жубайымдын сүйүктүү өмүрлүк жолдошумун.

- Сиздерде деле пикир келишпей калган учурлар болобу? Негизи, үлгүлүү үй-бүлө болуш үчүн эмне маанилүү деп ойлойсуз?

- Эми таптакыр пикир келишпестик болбойт десем, калп айткан болом да. Мунсуз кантип болсун? Бирок катуу таарынышпаганга аракет кылабыз экөөбүз тең. Ойлонуп отуруп баары бир бир чечимге келебиз. Жубайым, негизи, абдан түшүнүктүү айым. Дайыма мени колдоп, ийилип турат. Мен анын ушул сапатын баалайм, барктайм. Ал эми үй-бүлөнү сактоо үчүн биринчи кезекте эки адам бири-бирин чын дилден сүйүш керек, сыйлаш керек. Бардык эле үй-бүлөлөрдө пикир келишпестиктер болуп турат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Талаштан тактык жаралат дегендей, жубайлар дайыма бири-бири менен акылдашып, кеңешип турушса, бири-бирин колдоп турушса, анан жакшынакай үй-бүлө болот да. Турмушта болуп турчу жетишкендиктерге дагы, кыйынчылыктарга дагы сабырдуулук менен мамиле кылуу керек үй-бүлө маселесинде.

- Жубайыңыз менен кандайча таанышып калганыңыз тууралуу айтып бербейсизби?

- Бир жолу студияда ыр угуп отурсам бир дос балам чалып калды: «Ырыскелди, бош болсоң мага жумушка келип кетпейсиңби, кичине эшикке чыгып сейилдесең боло, студияда эле отура бересиңби?»-деп. Макул деп барсам досум сүйлөшкөн кызы менен отуруптур. «Эмне болду?» десем: «Жөн эле, көптөн бери жолукпай калдык, сүйлөшүп отуралы деп эле чакыргам»,- деди. Ошентип, үчөөбүз сүйлөшүп отурсак эле дос баламдын сүйлөшкөн кызынын курбусу келип калды. Чогуу отуруп таанышып, сүйлөшө кеттик. Сөз арасында сурасам мурун Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуган экен. Менин дагы, анын дагы музыкалык билими бар болгонго, темабыз бир болуп көпкө баарлашып отурдук. Андан кийин дагы ортодо жолугушуулар болду. Ошентип, экөөбүз тил табышып, эки жылдай кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Бул аралыкта Гүлзана менин адамым экенине көзүм жетти да, ага баш кошуу сунушун киргиздим. Ал макул болуп бир үй-бүлөгө айланып калдык. Кудайга шүгүр, ишенимим акталып, Гүлзана азыр мыкты жубай, балдарымдын жароокер энеси. Чыгармачыл адамды, негизи, үй-бүлөсүндөгү бактылуулук, тынчтык алдыга сүрөп турат.

- А жубайыңыз эмне менен алектенет?

- Гүлзананын музыкалык, анан финансылык эки билими бар. Учурда Мамлекеттик куурчак театрында актриса болуп эмгектенет. Жакында эле «Маданияттын мыкты кызматкери» наамын алды. Жаңы ыр жараткан сайын эң биринчи жубайымдын сынына коём. Кандай иш болбосун ал өзүнүн оюн айтып, мен өзүмдүн оюмду айтып, кеңешип анан иш кылабыз.

- Балдарыңыз канчага келип калышты? Сиздин жолду жолдочулары барбы?

- Уулум Айбар Пётр Шубин атындагы музыкалык мектептин урма аспаптар бөлүмүндө 3-класста, кызым Мыскал фортепиано бөлүмүндө 2-класста окушат. Андан тышкары экөө тең гимнастикага барышат. Экөө тең музыкалык билим алып жатышат, бирок келечекте кандай болорун билбейм. Балким, башка кесипти тандап кетишет. Кандай болгон күндө дагы балдарымдын оюн дайыма сыйлоого аракет кылам. Андыктан менин жолумду жолдосо дагы, башка кесиптин ээси болом дешсе дагы колдойм.

- Балдарыңыз байкеси, эжеси бар экенинен кабардарбы? Дегеним, улуу балдарыңыз менен катташып турасызбы? Кандай чоң ата, таята болуп жатасыз? Небере өз балаңдан да таттуу болот деген чын бекен?

- Учурда биринчи никемдеги уул-кызымдан жети неберем бар. Кечээ эле уулумдун курагында элем, билинбей эле чоң ата, таята болуп калыптырмын. Алар менен тез-тезден жолугуп турам деп айта албайм. Кээде гана кезигип алакыбал сурашып турганыбыз болбосо, көпчүлүк учурда телефон аркылуу гана сүйлөшөбүз. Бирок ата катары балдарым, неберелерим дайыма жүрөгүмдө. Алар дайыма жакшылык үстүндө болушса экен деп Кудайдан тилеп келем. Кичүүлөрүм байкеси, эжеси бар экенин билишет, бирок тааныша элек. Азырынча алар кичинекей. Буюрса, тааныштырчу күн келет деп өзүм дагы күтүп жүрөм. Неберелерим мени менен чогуу жашап күн сайын жетелеп жүрсөм, балким, чоң ата, таята болгон кандай экенин сезмек болушум керек. Өзүм чоң үй-бүлөдө чоңойгонго, үйдүн ичи адамдарга толуп дайыма шаңдуу болуп турганын каалайм. Келечекте, буюрса, бардыгы өз ордуна келип, мен дагы атам сыяктуу балдарга, неберелерге бай бактылуу үй бүлөнүн ак сакалдуу карыясы болгум келет. Кудай ошол күнгө жеткирсин!

- Маегиңизге рахмат. Ойлогон оюңуз ишке ашып, чыгармачылыкта дагы, үй-бүлөдө дагы жакшы жаңылыктар сизди жандап жүрсүн.

Асел ЭСЕНБЕК кызы

Булак: “Леди.kg”

Поделитесь с друзьями