ВИДЕО - YouТube тармагынын ачылганына быйыл 15 жыл болду. Эң көп көрүлгөн видеолордун тизмеси
Дүйнө жүзүндө  |   |  748

YouТube тармагынын ачылганына быйыл 15 жыл болду. Ал өзүнүн туулган күнүн 14-февраль күнү майрамдады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

YouTube — башкы штабы Калифорниянын Сан Бруно жергесинде жайгашкан Американын видео бөлүшүү вебсайты. Кызмат PayPal компаниясынын мурдагы үч мүчөсү, Чад Харли, Стив Чен жана Жавед Карим тарабынан 2005-жылы февраль айында түзүлгөн. Google компаниясы сайтты 2006-жылы ноябрда 1.65 млрд АКШ долларына сатып алган; YouTube учурда Google'дун туунду компаниясы катары иштейт.

15 жыл ичинде көрүүчүлөр арасында популярдуу болуп, эң көп көрүлгөн видеолордун тизмеси да жарыяланды.

2005-жылы белгилүү мурдагы бразиялык футболчу Роналдиньонун видеосу популярдуу болгон. Nikesoccer жүктөгөн видео сервистен өчүрүп салынган. Бирок кийин кайра башка эсептик жазмалар менен видеону жүктөшкөн.  

2006-2007-жылдары Көп адамдарга мотивациясы менен жаккан бийчи Жадсон Лейпли The Evolution of Dance ролигинде эң көп көрсөтүлгөн видеого XX кылымдагы бийлердин негизги кыймылдары кирген.

2008-жылы музыкалып клип Ырчы Аврил Лавиндин Girlfriend чыгармасына тартылган видеосу болгон. Ал 2007-жылдын башында жүктөлгөнүнө карабастан жакшы көрсөткүчтү бере алган.

2009-жылы Улуубританиялык наристе агасы Чаринин (Harry Davies-Carr) манжасын иниси Чарли (Charlie) тиштеп алган видео  эң көп көрүлгөн.

2010-жылы YouТube тармагына киргендер Леди Гаганын Bad Romance клибин көп көрүшчү. Көп өтпөй анын ордуна канадалык ырчы Жастин Бибердин Baby чыгармасы туруп калган. Ал 2010-2011-жылдары дагы популярдуу болгон.

2012-жылдын рекордчусу түштүккореялык ырчы Psy. Анын Gangnam Style чыгармасына тартылган клиби 1689 күндүн ичинде миллиард көрүүчүгө жеткен.

2017-жылы биринчи орунга Луис Фонсинин Despacito ыры чыкты. Учурда аны 6 миллиард жолудан ашык көрүштү. Мындан сырткары  учурда Луистен кийин артында 2 миллиардан ашуун көрүүчүсү менен Эд Шерандын  2017-жылы чыкан "Shape of You." ыры кирет.

Баарыбызга белгилүү болгондой YouTubeга жарнамалык роликтерден баштап, музыкалык видеолорду да жүктөй алабыз.

YouTube'дагы мазмундун көпчүлүгү жеке адамдар тарабынан жүктөлүп келет, бирок CBS, BBC, Vevo жана Hulu сыяктуу жалпыга маалымдоо корпорациялары YouTube өнөктөштүк программасынын бир бөлүгү катары YouTube аркылуу кээ бир материалдарын сунуштап турушат. Катталбаган колдонуучулар сайтта видеолорду гана көрө алышат, ал эми катталган колдонуучулар чектөөсүз видео жүктөп, видеолорго ой-пикир жаза алышат. Потенциалдык түрдө агрессивдүү деп эсептелген видеолор өздөрүн жок эле дегенде 18 жашта экенин бышыктап катталган колдонуучуларга гана жеткиликтүү.

YouTube Google AdSense менен жарнамалоо аркылуу киреше табат. Бул программа сайттын мазмунуна жана аудиториясына жараша жарнамаларды багыттап турат.

15 жыл мурунку YouTubeду эске салып койсок.

Картинки по запросу "youtube 15 years ago"

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями