Ыйлаган жана жыргаган миллиардерлер
Дүйнө жүзүндө  |   |  175

2019-жылы орусиялык миллиардерлердин байлыгы 21 пайызга өсүп, алардын капиталы учурда 51 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Мааалыматка караганда,  дүйнөдөгү эң бай деп саналган 500 адамдын байлыгы бир жылда 25 пайызга жогорулап 6 триллион долларга жетти. Баарынан көп кирешени «Louis Vuitton» компаниясынын жетекчиси Бернар Арно тапкан. Бир жылда анын байлыгы 36 миллиард долларга көбөйдү.

Ал эми,  ушул жылы дүйнөдөгү эң бай аталган Жефф Безос (Amazon компаниясынын башчысы) иши жүрүшпөгөн ишкерлердин катарына кошулган. Аялы менен ажырашуу процесси көп нерсеге таасир бергени айтылып, бир жылда 13,1 миллиард долларынан кол жууганы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями