ВИДЕО – Ташиев: “Матраимовду “монстр” кылып көрсөтүүнүн кереги жок. Ал жөнөкөй эле жигит”
 |   |  298

Бул тууралуу коомдук ишмер, мурунку депутат, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Азаттыктын” “Эки бир” бөрүүсүндө билдирди.

Берүүдө сөз негизинен Бажы кызматындагы коррупция схемасы менен Кыргызстандан мыйзамсыз чыккан 700 млн доллар тууралуу болгон.

Берүү учурунда Ташиев айрым ММКларды Матраимовду жөнсүз каралоону токтотууга чакырды жана аны бүткүл өлкөгө “монстр” кылып көрсөтпөөнү айтты.

-Раим Матраимов өтө деле чоң кызматта иштеген эмес, эң көп болсо Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал министр да, депутат да болгон эмес. Кичинекей эле бир жигит. Ал жакшынакай, карапайым, ийкемдүү жигит. Аны жөн эле мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, каралай берген болбойт, - дейт саясатчы.

21-ноябрда “Азаттык” радиосу, OCCRP, жана Kloop.kg сайты биргеликте Кыргызстандан 700 млн доллар мыйзамсыз чыкканы тууралуу иликтөөнүн 2-бөлүмүн чыгарган. Иликтөөнүн ичинде аты аталган ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн. Ал журналисттерге бажы кызматындагы коррупциялык схемага бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун катыштыгы бар деп айткан.

Райымбек Матраимов Кыргызстанга келип өзү жөнүндө бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин айтып, “Азаттык” берген маалымат чындык эмес экенин жана аны далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями