ВИДЕО-Рыскелди Момбеков: “Ээсин камап салып, ал жердеги 910 млн акчаны тополоң кылып бөлүп кетишиптир. Өлүп кетишиптир”
Саясат  |   |  2911

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңеште депутат Рыскелди Момбеков бир жыл мурун көтөргөн маселесин кайрадан жандантты.

Депутаттын айтымында, бир жыл мурун ЖКнын жыйынында  “Акнет” компаниясынын тегерегинде болуп жаткан кылмыш иштери боюнча, маселе көтөрүп, ал тургай президент жана анын аппарат башчысынын орун басары менен да сүйлөшкөн. Анда бардык маселелер мамлекеттин кызыкчылыгында. Эч кандай мамлекеттик рейдерлик жок, болгону салыктан жашырылган акчалар жөнүндө сөз болгону айтылган.

“Бир жылдан кийин ошол “Акнетти”  түптөгөн, ошол жакта иштеген Кубан Ажымүдүновдун мага жазган катын жана анын атасы Токон Ажымүдүновдун Сооронбай Шариповичке жазган кайрылуу катын алдым. Ал кезде эсеби камакта, ээси эркиндикте эле. Эми болсо ээсин камап салып, эсебин ачып алашып, анысы аз келгенсип, ал жердеги 910 млн акчаны тополоң кылып бөлүп кетипшиптир. Өлүп кетишиптир. Мындайча айтканда кирешесине кирип кетишкен. Полясына кирген, долясына кирип алган”,-дейт депутат.

Ошондой эле, Рыскелди Момбеков президенттке болгон фактыны берерин айтты. Октябрь айында Ажымүдүновко тез арада операция жасаш керек деген, бирок ага да мүмкүнчүлүк беришпегенин да кошумчалады.

“Бул рейдерлик эмес, адамдын өмүрүнө коркунуч келтирип жатат. Аны сындыруу же тындыруу аракети болуп жатпайбы...Азыр ал жерде ким отурат? Мурунку “Мегакомдун башчысы отурат, мурунку мамлекеттик технологиянын жетекчилери отурат...Бүгүнкү күндө ээсин түрмөгө камап, бээсин алып келип, союп, этин бөлүп кетишти”,-деп Момбеков айтты.

Мындан сырткары, депутат журналисттер менен байланышып, аталган маселе боюнча журналиттик иликтөө жүргүзүүнү өтүнгөнүн билдирди.

Булак: Nazarnews.kg

Поделитесь с друзьями