ВИДЕО - Орус ырчы жигит кыргыз тилинде белгилүү ырды аткарып, элдин купулуна толду
Коом

«К52» тобунун солисти Александр Волкодав аттуу ырчы жигит Любовь Воропаеванын сөзүнө жазылган «Любовь, похожая на сон» ырын кыргызча ырдап чыкты. Бул белгилүү ырдын обонун Игорь Крутой жараткан. Ырды орус тилинен кыргыз тилине Максат Тынаев которгон.

Бул чыгарма кыргыз тилинде интернет мейкиндигине тарап, эл арасында жакшы пикирлерди жаратууда. Интернет көбүн эсе аткаруучуга суктанууларын жана ыраазычылыгын билдиришүүдө.

Булак: NazarNews.kg


Поделитесь с друзьями