ВИДЕО - Өкмөттүк армиянын тик учагы атып түшүрүлдү
Дүйнө жүзүндө  |   |  2015

Сириянын Идлиб провинциясында өкмөттүк армиянын тик учагы атып түшүрүлдү. Бул тууралуу өлкө президенти Башар Асадга каршы согушуп жаткан Сириянын оппозициялык күчтөрүнө берген маалыматына таянып, чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак Идлиб шаарынын түштүк ыптасында жайгашкан куралдуу козголоңчулардын көзөмөлүндөгү аймакка түшкөн. Учкуч курман болгону кабарланууда. Тик учакта андан башка адам болгон-болбогондугу тууралуу маалымат жок.

 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями