ВИДЕО-Макгергордун чагылгандай тез соккусуна Хабибдин реакциясы кандай болгон?
Спорт  |   |  1114

 

BT Sport каналы Twitterдеги баракчасына Орусиялык белгилүү ММА мушкери Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегордун чагылгандай тез соккусуна кандай реакциясы жасагандыгы тартылган видеону жүктөгөн.

Анда ирландиялык Макгрегор бразилиялык Жозе Алду менен беттешип жаткан. Макгрегор атаандашын 13-секундда эле нокаут менен жеңип алган.

 

 Беттеш 2015-жылы болуп өтүп, бирок видеосу эми жарыяланган.

Видеодо байкалгандай  Макгрегор жеңгенде Хабиб кош колдоп, башын кармай калган.

Эскерте кетсек,  UFCнин чемпиондук титулу үчүн Хабиб менен Конор жеңил салмак категориясында 2018-жылы октябрда беттешкен. Орусиялык мушкер 4-раундда жеңишке жеткен. Мындан кийин октагондо эки мушкердин тарапташтары жаңжалдашып кетишкен.

 

 

 

Булак:Nazarnews.kg

Поделитесь с друзьями