ВИДЕО-Кыргыстандык мушкер Хабибдин көзүнчө техникалык нокаут менен каршылашын жеңди
Спорт  |   |  410

Кыргызстандык мушкер аралаш мушташ боюнча  GFC 23 эл аралык турниринде жеңишке ээ болду. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Турнир Казакстандын Алматы шаарында 25-декабрда болду. Программада жети өлкөдөн келкен мушкерлердин катышуусунда 15 таймаш болду. Аталган турнирде UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов ардактуу конок болду.

63 килограмм салмактагы Кыргыстандык мушкер Жолдошбек уулу Султан экинчи раундда техникалык нокаут менен орусиялык Имран Жулаговду жеңди.

Дагы башка үч кыргызстандык мушкер жеңилип калды. Атап айтканда, анын ичинен Эдил Эсенгулов UFC мушкери Забит Магомедшариповдун ининси Хасан Магомедшариповдон утулуп калды.

https://www.youtube.com/watch?v=87-dItroMXs&feature=emb_title

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями