ВИДЕО-Коронавирустан да коркунучтуу: Украинада көз жумгандардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө
Кылмыш жана кырсык  |   |  3845

Украинанын Запорож облусунда акыркы аптада эле сасык тумоо өөрчүп кеткенден улам үч адам каза болду. Ал эми оору башталгандан бери өлкөдө 26 адам көз жумгандыгын OBOZREVATEL билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-февралда Запорож облусунун 68 жаштагы тургуну эки тараптуу пневмониядан каза болду. 10-февралда сасык тумоодон ошол эле облуста 69-жаштагы аял жана 15 жаштагы кыз көз жумган. Январь айында сасык тумоодон 6 жаштагы кыз менен кош бойлуу аял каза болгон. Украинада жалпы оору 56 пайызга көтөрүлгөн.

“Бир окуяда бул пандемиялык тумоо А (H1N1). Ал эми үч окуя А тумоосу тастыкталган. Акыркы окуянын натыйжасын күтүп жатабыз”,-деп эпидизилдөөнүн бөлүм башчысы Марина Колерова билдирди.

Дарыгерлер бул жылы Украинада “чочко тумоосу” деп аталган А (H1N1) тумоосу чыкканын айткан.

“Ал оору адамды алсыратып, адамдан адамга бат жугат”,-деп Марина Колерова түшүндүрдү.

Мындан сырткары, дарыгерлер көбүнчө оору жаш балдарга, кош бойлуу аялдарга, кант диабети, астма, ашыкча салмактуулар, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарга жугарын кошумчалашкан.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями