ВИДЕО – Ха, ха! Майпаңдаган машина көпчүлүктү күлкүгө салды
Коом  |   |  246

Чылпагын алам деп көзүн чукугандар бар. Башкасын айтпаганда, интернетте адамдын боорун эзген көрүнүштөр көп. Алсак, бүгүн 13-январдагы TikTok жарыялаган видеодо “өрдөк басыш” менен жүргөн Volkswagen Golf унасы көпчүлүктү күлкүгө салып, айрымдардын көзүнөн жаш чыгарды.
Ролик, Калифорниянын (АКШ) көчөлөрүнүн биринде тартылганы айтылууда. Анын көрүнүшү майпаңдап баскан өрдөккө окшош. Дөңгөлөктөрү эки тарапка тайтайып тургандыктан аны муз үстүндө тайгаланган уйга окшоштургандар дагы бар.
Албетте автоунаанын сырткы көрүнүшү анын ээсинин табитине жараша. Ал эми табит ар кимдики ар башка, аны талашып болбойт. Ошентсе дагы бул унааны айдап жүрүүгө деле өтө ыңгайсыз.

Видеодо унаанын коопту жактары дагы байкалат. Кыскасы жолдо авариялык кырдаалдарды жаратышы мүмкүн. Анткен менен кожойуну бир “шедевр” жараткандай, артын карабай майпаңдаган унаасын башкарып кетип бара жатат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями