Видео-Итти куткаруу үчүн эки киши 20 мүнөт бою чоң анаконда менен күрөшүштү
Дүйнө жүзүндө  |   |  682

Итти куткаруу үчүн эки киши 20 мүнөт бою чоң анаконда менен күршүшкөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары  видеосу менен жарыялашты.

Видеодо көрүнүп тургандай,  Бразилянын Сан-Паулу штатынын эки тургуну,  итти төрт метрлик анакондадан куткара алышты. Анаконда менен жергиликтүү тургундар 20 минут бою каршылашканын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, иттин ээси Пауло Маркети достору менен иттерин ээрчитип алып,  эс алууга чыгышкан.  Алардын аркасынан ээрчиген ит,  суу ичкени  сууну көздөй жөнөгөн. Ошол учурда анаконда итти кучагына түшүргөн. Иттин үнүн уккан Паола куткаруу үчүн жүгүрүп барып, коркпостон чоң жыландын кучагындагы итти бошотуп алууга киришкен. Бирок ал жандык абдан күчтүү болгондуктан, Паолонун достору жардамга келип, 20 мүнөт дегенде гана итти  куткарып алышкан.

https://www.youtube.com/watch?v=Vpx5ccheP54&feature=emb_title

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями