ВИДЕО-“Эркекче ырдачы”, Димаш балалыгы тууралуу айтып берди
Борбордук Азия жаңылыктары  |   |  229

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген бала кезинде бийик үнү үчүн тең туштары шылдыңдашканын “Россия-1” телеканалынын “Привет, Андрей” программасында айтып берди.

“Бул күлкүмүштүү окуя. Короодогу балдардын баары мага: “Сен эмне кызча ырдап жатасың? Эмне үчүн бийик үн менен ырдап жатасың?”,-деп сурай беришчү. Бизге сопранону ырдоону окутушчу. Мен бала кезимде эле апамдай эле сопранону ырдачумун. Балдар мага байма-бай “Эркекче ырдачы”,-деп айтып калышты. Бул менин үнүмдүн өзгөрүшүнө чейин болчу”,-деп Димаш айтып берди.

Программанын алып баруучусу Андрей Малахов Димаш учурда Юрий Шатуновдой чыгармачылыктын туу чокусунда тургандыгын баса белгилеп кетти.

 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями