ВИДЕО-Электр чубалгылары жерге түшүп, унаалардын жүрүшүнө тоскоол болууда
Коом  |   |  356

Бишкекте мамылардагы электр зымдары жерге түшүп, унаалардын өтүшүнө тоскол жаратууда. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине күбө видеого тартып жөнөткөн.

Анын билдиришине карганда,  Жибек Жолу жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн   кесилишиндеги мамыларда   электр зымдары жерге түшүп, уналардын  жана жөө жүргүнчүлөрдүн   өтүшүнө тоскоолдук жаратып жатат.

Видоедон автоунаанын үстүнө түшүп калган электр чубалгысын,  айдоочу   чыгарууга аракет кылып жаткандыгын көрүүгө болот. Ошол эле учурда, жол чырагы иштебей, элдер жерде жаткан зымдарды айланып өтүп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями