ВИДЕО - Чукул конуу! Учкучу мыкты болсо, туманда дагы жолду адашпай табат
Борбордук Азия жаңылыктары | 

Бороон-чапкын, кар аралаш туман. Мына ушундай учурда МИ-8 вертолоту, туура эле унаа жолдун үстүнө конууда. Бул көрүнүш Телеграмдагы орусиялык каналдардын биринде пайда болду.

Анда, “Бактыга жараша вертолотту аман – эсен жерге кондурган тажрыйбалуу учкучтар мыктылыгын көргөзө алды. Жабыр тарткандар жок. Ээх ушул катаал түндүк...”,-деп берилет маалымат.

Башка маалыматтарда белгилүү болгондой окуя кече, 16-январда Ленинград областындагы Ямбург шаарчасында катталган. Андагы туруксуз аба-ырайы катуу бурганакка айлангандыгына байланыштуу аэропортко жетүүгө мүмкүн болбой калганы айтылат.  

Булак:NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями