ВИДЕО- Бишкекте эки унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти
Кылмыш жана кырсык  |   |  1406

Борбор калаанын түштүк тарабында эки жеңил унаа кагышып, бирөө капталынан кулап калды. Бул тууралуу кайгуул милициясы NazarNews агенттигине билдирди.

Алардын билдиргенине таянсак кырсык бүгүн, 14-февралда болжол менен 12:20 чамасында Токомбаев (Түштүк магистраль) менен Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда 1979 жылы туулган М.А аттуу жаран, Тойота - приус үлгүсүндөгү автоунаа менен Куттубаев көчөсүнөн солго бурулуп жатып, 2003- жылы туулган Т.К аттуу айдоочу башкарган Тойота - Камри үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн.На юге столице столкнулись два легковых автомобиля, один опрокинулсяНатыйжада Тойота - Камри үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жабыркап, улуттук госпиталга жеткирилген.

Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями