ВИДЕО: Австралияда сагызгандар өрт өчүрүүчү кызматтын жана тез жардамдын үнүн туурап башташты
Дүйнө жүзүндө  |   |  499

Уникалдуу сагызганды Австралиядагы албууттанган өрт каптаган жерден табышкан. Бул канаттуу авариялык сиренаны дал өзүндөй  туурайт. 
Сиренаны туурап жаткан сагызгандын видеосун мурдагы комиссар Грегори Эндрюс бөлүшкөн.

“Бул тарыхтагы болуп көрбөгөндөй көрүнүш. Мен бул сагызганды Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатында жолуктурдум. Куш өрт өчүрүүчү кызматтын жана тез жардамдын сиренасын үйрөнүп, туурап калган”,-деп билдирген.

Белгилей кетсек, сагызгандар 35тен ашык ар түрдүү канаттуулардын, жаныбарлардын  жада калса адамдардын да добушун туурай алуу жөндөмүнө ээ.
Эске салсак,  азыркы учурда Австралиядагы өрт кырсыгы сентябрь айынан бери күчөп келгендиктен, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Булак:NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями