ВИДЕО – Алматыдагы учак кырсыгынын жүргүнчүсү биринчи кадрларды жарыялады
Кылмыш жана кырсык  |   |  290

Bek Air компаниясынын учагынын жүргүнчүсү Марал Ерман кырсыктын биринчи кадрларын Инстаграмм баракчасына жүктөгөнүн казак басылмаларынын бири жазып чыкты.

Жүргүнчүнүн айтымында окуя тез жана күтүлбөгөн жерден болду.

“Учак учуу учурунда биринчи олку-солку болгон. Андан кийин биз конгондой сезим болду, көрсө бир нерсени барып сүзүптүрбүз. Борттун ичинде ызы-чуу, кыйкырык же башка нерселер болгон деле жок. Мен шок абалда калды. Окуянын баары эсмиде калган жок. Биз эмне болгонун түшүнө албай жаттык. Мен өзүмө келгенде алдымда баары жабылып калганын көрдүм. Мен учактын канаты жагындагы отургучта отургам. Стюард бизге жол ачып берип биз чыктык. Ошондо учак экиге бөлүнүп калганын көрдүк”,-дейт Ерман.

Кыздын айтымында кырсык болгон жерде жабырлануучулары көп болгон.

“Башында бизге коопсуздук кызматкерлери келди окшойт. Алар учактан балдарды алып чыга башташты. Андан кийин өрт өчүргөчтөр,анан “Тез жардам” кызматы келди. Жарадар болгондок көп болду. Мен ал жакта калган жокмун, мени жакындарым келип алып кетишти”,- деп жүргүнчү билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең мененки саат 07:22де Алматы шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган учак кулап түшкөн. Белгилүү болгондой Bek Air авиакомпаниясына таандык учак Алматы шаарынан Нур-Султан шаарына бет алмак. Бирок, учак абага көтөрүлгөндөн кийин керектүү бийиктикти ала албай, аба майдандын тегерегиндеги дубалга илинип, эки кабаттуу имаратка барып сүзүлгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями