ВИДЕО (18+) – “Көк кит” кайра жанданды! Көп кабаттуу үйдүн жанынан эки өспүрүмдүн жансыз денеси табылды
Кылмыш жана кырсык

Бүгүн, 14-январда 17 – кабаттан кулап түшкөн эки өспүрүм кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Телеграммдагы каналдардын биринде баяндалат. 

Анда айтылгандай, дос кыздар кол кармашып алып, чатырдан ылдый карай секиргенин көргөндөр бар. Тилекке каршы окуя болгон жерге келген "Тез жардам" кызматы эч жардам бере алган эмес. Дарыгерлер өспүрүмдөрдүн денеси жерге түшкөндөн кийин эле үзүлүп кетишкенин билдирген.

Учурда өз өмүрүнө кол салуунун себептери аныкталып жатат. Каза болгон эки кыз тең Новосибирск шаарындагы 167-мектептин, бири 8-класстын, экинчиси 9-класстын окуучусу болчу.

Булак: NazarNews.kg


Поделитесь с друзьями