ВИДЕО - 12 адамдын өмүрүн алган Алматыдагы авиакырсык видеого түшүп калган
Кылмыш жана кырсык  |   |  1466

27-декабрда Казакстанда Bek Air авиакомпаниясынын Fokker 100 учагы Алматы шаарында кырсыктаган. Ал кырсыктан 12 адам каза болгондугу маалым. Курман болгондордун арасында учактын командири дагы бар. Fokker 100 самолету Алматы-Нур-Султан шаарлары ортосунда каттамды аткарганы жаткан. Бирок,  учак абага көтөрүлгөндөн кийин керектүү бийиктикти ала албай көп өтпөй жерге кулап, аба майдандын тегерегиндеги дубалдарга урунуп барып, эки кабаттуу турак-жайга кагылган. Бул каргашалуу окуя аэропорттун тегерегинде орнотулган видео камералардын бирине түшүп калган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями