Улуу Ата Мекендик согуштун  жүрүшүн баяндаган  долбоор башталды
Дүйнө жүзүндө  |   |  373

Россияда Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын, жүрүшүн баяндаган #СтраницыПобеды деп аталган атайын долбоор түзүлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, долбоор согуш тууралуу digital art жана жаңы медианын призмасынан баяндайт. Андагы беш платформанын ар бири өзгөчөлөнгөн эмгекти талап кылган.

Кирилл Карнович-Валуа идеянын автору. Ал жаштардан турган уникалдуу чыгармачыл команданы топтоого мүмкүн болгонун билдирген. Алар — художниктер, дизайнерлер, иллюстраторлор, композиторлор жана режиссёрлор.

"Санарип искусствосу — заманга дал келген көп түрлүү тил, аны жаштар жакшы баамдайт. Андыктан адамзат тарыхындагы эң трагедиялуу согуштун аякташынын 75 жылдыгына карата азыркы заманбап медианын тили менен айтып берүүнү туура көрдүк. #СтраницыПобеды  — адамдардын  көз жашка толгон окуялары, бул долбоорду биздин команданын ар бир катышуучусу дилин төшөп, жанын таштап коюп иштеди", — дейт ал.

Ал эми #СтраницыПобеды  соцтармактарда беш платформада көрсөтүлөт: Twitter, Instagram, Facebook, "ВКонтакте" жана YouTube.

Булак:NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями