Улуттук университет кимдин уйкусун бузуп жатат?
Илим  |   |  327

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен бир канчалаган саясатчылар, академик-окумуштуулар, залкар инсандар билим алып чыккан. Куттуу окуу жайда кимдер гана жетекчилик кылган жок. Бирок азыркы тапта иштин көзүн билген Канат Садыков белчеге баткан дотациядан чыгаруу аракетин көрүүдө.

Алсак жакынкы арада Индия мамлекети менен келишим түзүп, окуу жайга инвестиция тарткандыгы тууралуу маалымат чыкты. Бирок, бул кимдир бирөөлөрдүн түн уйкусун бузууда. Жеке менчик бир канча окуу жайларга берилген лицензиялар тууралуу ооз ачпай, Жогорку Кеңештин трибунасынан бакыйган мамлекеттин бирден бир улуттук деп аталган университетин жабыш керек деп чыккан эл өкүлдөрү дагы болду.

Чындап келгенде Ош мамлекеттик университети менен салыштырышып, ал жакта материалдык база күчтүү деген кептин чындыгы бар. Бирок тыйындын экинчи тарабы болот дегендей, Ош мамлекеттик университети дагы дал ушундай инвестиция тартуу менен бир нече ийгиликтерди багынта алды десек жаңылышпайбыз. Демек, Улуттук университет дагы дал ушул медициналык факультет ачуу менен бир канча материалдык базасын чындап алуу алдында турат. Өнүгүүгө карай бет алгандыгына каршы туруп, сасык оюндарды баштап жаткандыктары өкүндүрөт. Албетте, массалык маалымат каражаттары аркылуу болобу, трибунада болобу коомчулуктун көңүлүн тетири буруп жатканы менен канчалаган мультимедиалык санарип борборлор ачылып, эскилиги жеткен имараттарды оңдоо иштери жүрүп жаткандыгын окуу жайдан байкоого болот. Иш болуп жаткан жерде сын болот, бирок сынчынын сыңар өтүгү майрык дегендей, жеке менчик окуу жайларды колдоого алып, улуттук университетти тепкиге алуу бул мамлекеттин күрөө тамырына доо кетирүү эмеспи?- деп "De-Факто" гезити жаырялады.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями