Украина Ирандан ыкчам аракеттерди күтүп жатат
Дүйнө жүзүндө  |   |  483

Ирандын соккусунан кырсыкка учураган учакта каза болгон жарандары үчүн мамлекеттер Иранды сотко бериши мүмкүн. Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты.

Бул боюнча  Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко Мюнхенде коопсуздук боюнча өткөн конференцияда айткан.

Анын айтымында, Украина Ирандан ыкчам аракеттерди күтүп жатат. Эгер бир нече мамлекет күтүп жаткан аракет болбосо, алар "эл аралык сотко кайрылышы ыктымал. "Биз көпкө күтө албайбыз. Ошентсе да Иранды кыймылга келет деп ишенип турабыз. Болбосо эл аралык укук ченемдерин колдонууга аргасыз болобуз", — деди ал.

Пристайконун айткандарын Франциянын ТИМ башчысы Франсуа Шампань да ырастап, алынган жоопкерчилик анын кесепетин жоюуну да шарттай турганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 8-январында эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле күйүп  кулаган.

Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.

Иран учакты кокустан атып алган

Иран муну "адамдын жаңылыштыгынын айынан кокусунан, учак атып түшүрүлгөн” деп мойнуна алган. Башкы штабнын билдирүүсүндө, учак Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун (ИРКК) аскердик объектисинин жанынан учуп бара жатканда атып алышкан.

 Владимир Зеленскийдин жообу

Украинанын президенти Владимир Зеленский Тегеранда кулаган Boeing учагы боюнча Ирандын билдирүүсүнө жооп берген.

"Украина Ирандан толугу менен күнөөнү мойнуна алышын күтөт. Ошондой эле, расмий түрдө кечирим сурап, күнөөлүүлөр жазасын алып, компенсация төлөп беришин талап кылат", — деген Зеленский.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями