Түркмөн президентинин кичи мекени мыкты район сынагында 1 миллион $ алды
Борбордук Азия жаңылыктары  |   |  491

Түркмөнстандын Көктепе району 2019-жылдагы эң мыкты аймак сынагында жеңүүчү аталып, сыйлыкка 1 миллион АКШ долларын алды. Бул тууралуу "Борбор Азия жаңылыктар кызматы" билдирди. 

Мамлекеттик ТДХ маалымат агенттигинин билдиришинче, сыйлык тапшыруу аземине өлкөнүн вице-премьер-министри, паламент депутаттары баштаган аткаминерлер катышты.

Ахал облусунун Көктепе акимчилигине 1 миллион доллар сыйлык тапшыруу тууралуу буйрукка президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон.

Көктепе районунда президент Бердымухамедов туулган. 7-февралда өнөр жай жана курулуш министри болуп дайындалган түркмөн лидеринин жалгыз уулу Сердар Бердымухамедов буга чейин Ахал облусун жетектеген.

Сердар Бердымухамедов Ахал облусун башкарып турганда пахта терим боюнча жарыштарда бул аймакка биринчи орун ыйгарылып, жаңы облус борборун куруу үчүн 1,5 миллиард АКШ доллары бөлүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями