Трамп Ирандын жогорку лидерине: "Байкап сүйлө!"
Дүйнө жүзүндө  |   |  1284

Америкалык лидер Ирандын жогорку лидерине карата сын айтып, аны сөзүн байкап сүйлөөгө чакырды. Трамп Ирандын экономикалык абалы барган сайын начарлап кетип жатканына карабай, Хеменеи Батыштын өнүккөн өлкөлөрүн сындап жатканына жол болсун деген таризде Твиттер баракчасына пикири менен бөлүштү.

“Ирандын “жогорку лидери” деп аталган киши өтө деле жогорку болбой калды. Бир канча жолу АКШ жана Батыш жөнүндө бир канча жагымсыз сөздөрдү айтты. Алардын экономикасы солгундап, жарандары кыйналып жашашууда. Хеменеи өз сөзүн өтө абайлап сүйлөшү зарыл”,-деп жазган АКШнын президенти.

 

Ал эми Американын мамлекеттик катчысы Майк Пампео Вашингтон Иранда ядролук курал жасалбашы үчүн аракеттер жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.

Булак:NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями