ТОП-10: Дүйнө жүзү боюнча COVID-19 илдетинен эң көп өлүм катталган мамлекеттердин тизмеси
Дүйнө жүзүндө  |   |  4385

26-марттагы маалыматка таянсак, коронавирус дүйнө жүзү боюнча 471 317 адамга жугуп, анын ичинен 21 286сы каза болгон. Ал эми илдет 197 мамлекетке тараган.

Илдетти эң көп жуктурган өлкөлөрдүн тизмеси:

1. Кытайда - 81 285;

2. Италияда - 74 386;

3. АКШда - 69 219;

4. Испания – 49 515;

5. Германия – 38 530.

Ал эми, эң көп каза болгондордун саны боюнча:

1. Италия - 7 503;

2. Испания - 3 647;

3. Кытай - 3 287; 

4. Иран - 2234;

5. Франция - 1331;

6. АКШ - 1080;

7. Англия - 477;

8. Нидерланд - 434;

9. Германия - 239;

10. Белгия - 220.

Эске сала кетсек, 26-мартка карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:

⚡ Ош облусунда – 20 учур, 
⚡ Жалал-Абад облусунда – 19 учур, 
⚡ Бишкек ш. – 3 учур,
⚡ Чүй облусунда – 1 учур,
⚡ Баткен облусунда – 1 учур.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями