Токтогул Какчекеев, серепчи: «Биримдик» деп аталышынын өзү туура эмес. Кимдер биригет? Байлар менен байлар биригеби?
Саясат  |   |  1775

—Токтогул мырза, шайлоонун шарапаты башталып,   парламентке баягы эле байлар, уруулар, бандиттер, саткындар, качкындардын бир тобу келе турганы маалым болуп турат. 9 пайыздык босогону ылдыйлатуу маселеси да ишке ашпайт окшоп калды. Сиз эми анализдеп жатасыз да. Жалпы эле шайлоо маселеси боюнча  оюӊузду ортого салсаӊыз?

—Мен билгенден  15 күн мурун шайлоо шарапаты боюнча эл кайсы партияга көбүрөөк ыктап жатат деген маселени  иликтеп сурамжылоо  кылышыптыр. Ал сурамжылоого көп адам катышкан экен. Жыйынтыгында 10 миӊге жакын адам Атамбаевдин КСДПсына ыкташа турганын билдирген. Андан соӊ, “Ата Мекен” менен “Республика” партияларына да көбүрөөк адам ыкташарын айтышыптыр. Шайлоодо 9 пайыздык чек деген сөз – бул жалаӊ гана байлар депутат боло алышат деген сөз. Бийликчил адамдар “Биримдик” деген партия түзүшүп, анын желеги катары СССРдин желегин коюп коюшуптур. Чынында   азыр байлар мурункудай совет доорун байлар эч качан курбайт. Тескерисинче союз доорун бир топ адамдар иритип-чиритип, андан качып, кулагандан кийин  ар кандай жолдор менен миллионер болушкан да. Биримдик деген түшүнүк мага жакпайт. Себеби, биз Баш мыйзамда Кыргызстан бир бүтүн эл, бир бүтүн мамлекет  деп баса белгиленип жазылып турат. Бир  эл болгон соӊ биримдик маселеси өзүнөн –өзү айтылып  турбайбы. Анан эмнеге партиянын атын Биримдик дешти? Ким менен ким биригиши керек? Саяктар менен сарыбагыштарбы, же бугулар менен солтолорбу? Же жалаӊ байлар биригиши керекпи? Дагы айтсак, байлар менен жалаӊ “черныйлар” биригиши керекпи? Кыскасы, бул такыр болбогон сөз да. Биримдик деген сөздүн уӊгусу —  “биз башкарабыз, акчабыз бар” – деген маанини кыйытып билдирип турат. Ал эми кедей, жумушчу жок, социалдык жактан  аз камсыз болгондор, көп балалуу катмарлар менен ким биригет? Албетте, алар менен байлар эч убакта биригишпейт. Мен көп партиялардын   саясый программаларын билем. Көбү ишке ашпай турган иштерди жазып алышкан. Бул жолку шайлоо катуу болот. Добушту сатып алуу Сулайманов айткандай  10-20 миӊге чейин чыгып кетиши мүмкүн. Мындан тышкары, Кыргызстанда президенттик жана парламенттик шайлоодо Россия менен Американын таасири көп жылдан бери эле болуп келатат. Өзгөчө Америка шайлоолордо өздөрүнүн айрым максаттарын ишке ашырып, бир топ ийгиликтерге жетишти. Мына караӊыздар, акыркы 15-20 жылда биздин мамлекетте бейөкмөттүк уюмдар ( НПО )деген абдан көбөйүп кетишти. Андан тышкары, Американын “Азаттык” баштаган ЖМКлары көбөйдү. Алар биринчи кезекте Американын кызыкчылыгын чагылдырышат. Акыркы жылдары карасаӊыздар, НПОдо иштеп жүргөн бир топ адамдар азыр өкмөттө бакыйган кызматтарды ээлеп иштеп жатышат. Ошолор деле Кыргызстандын кызыкчылыгын экинчи орунга коюшат да. Себеби, булардын баары Американын акырынан жем жеп жатышпайбы. 

  Алдыдагы шайлоо биздин мамлекет үчүн, эл үчүн чоӊ сыноо болот. Эл бул жолу аӊ-сезимин ойготуп, оор сыноого талапка ыдлайык туруштук бериши зарыл! Болбосо мамлекетибиз алдыга жылбай эле, дагы да артка кетүү коркунучу күтүп турат.

Булак: "Багыт.kg"

Поделитесь с друзьями