Теле алып баруучу Назгүл Кожокулова көз жумду
Коом  |   |  1087

Бүгүн, 16-февралда, белгилүү теле алып баруучу Назгүл Кожокулова дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркумдун тажиясы эртең, 17-февралда Бишкектин 11-кичи районундагы үйүндө өтүп, сөөгү Орто-Сай айылында жерге берилет.

Теле алып баруучу көп жылдан бери «Пирамида», «Бешинчи канал» жана башка телеканалдарда эмгектенип келген. 

NazarNews.kg маалымат агенттиги Назгүл Кожокулованын  жакындарына көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун!

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями